Саясий ишмердүүлүк

Википедия дан
Ишмердүүлүк

Саясий ишмердүүлүк – саясий активдүүлүктүн негизги түрү. Ишмердүүлүк саясий турмуш чөйрөсүндө объект менен субъектти каршы коёт жана ошол эле убакта аларды бириктирип турат. Ишмердүүлүк структурасында өзүнө ишмердүүлүктүн максатын, каражатын, процессин, алдын-ала айтылган жана реалдуу натыйжаларын камтыйт. Ишмердүүлүктүн негизи болуп, акылга салып кабыл алынган максат чыгат. Максат менен каражаттын ортосунда дал келүү болушу зарыл. Эгерде ишмердүүлүктүн максаты тоталитаризмди жеңил, демократияны орнотуу жана бекемдөө болсо, каражаттар демократтык эмес болушу мүмкүн эмес. Ишмердүүлүктүн эффективдүүлүгү анын нравалык багыт алуусунун даражасы баалуулуктарды жана саясий кызыкчылыктарды чагылдыруунун толуктугу менен аныкталат. Ишмердүүлүк саясаттын субъекттерин (коом, топ, инсан, биримдик, уюмдар) классификациялоого ылайык өзүнүн спецификасына ээ. Ишмердүүлүк милдеттүү түрдө өзүнө максатка умтулуу жөндөмдүүлүгүн, жалпы эрктин, башка субъекттерден айырмаланган субъекттин ички руханий дүйнөсүнүн биримдигин уюштуруу жана чагылдыруу механизмин жана ошондой эле белгилүү физикалык түр эмес, уюштуруу структурасын камтыйт. Бул кандайдыр-бир кызыкчылыктарга жараша уюшулган кыймыл (экологиялык, согушка каршы ж. б.) саясий партия, клуб болушу мүмкүн. Татаал саясий субъект тарыхый болуп саналат. Түрдүү саясий мезгилдин чегинде ал өзүнүн субъектүүлүгүнүн сапаттарынын бөлүгүн жоготушу мүмкүн. Алар башка саясий мезгилдин чегинде кандайдыр-бир бөлүгү же толугу менен калыбына келет. Ишмердүүлүк өзүндө эки негизги багытты камтыйт. Биринчисинде саясий, курсту иштеп чыгуу, экинчисине саясий чечимдерин иш жүзөгө ашыруу тийиштүү. Ишмердүүлүк бир катар деңгээлдерде жүзөгө ашырылат. Англиялык саясат таануучу Дж. Понтон жана П. Джил төрт деңгээлди бөлүп карашат. Алар: 1. жергиликтүү маселелерди чечүү маселеси (турак жай шарттары, мектептер, коомдук транспорт ж. б.). 2. Региондун чегинде уюштуруу план топтору жана ассоцияциялар субъектиси катары чыккан локалдык деңгээл. 3. Ишмердүүлүктө жайылтуунун башкы сферасы болуп улуттук деңгээл чыгат. Ишмердүүлүктүн субъектилеринин арасында–ресурстарды бөлүштүрүүнүн негизги институту катары улуттук мамлекет. 4. Улуттук мамлекеттер жана түрдүү транснационалдык уюмдар Ишмердүүлүктүн субъектиси болгон эл аралык деңгээл. Ишмердүүлүк теориялык жана практикалык болуп бөлүнөт. Анын биринчи түрү социалдык-саясий өнүгүүнүн концепциясын иштеп чыгуу, саясий платформаларды жана программаларды түзүү менен байланышкан. Ал илимий-аналитикалык мүнөздө болжолдойт. Практикалык ишмердүүлүк мамлекет, саясий структура, жарандар тарабынан саясий курстун иш жүзөгө ашырылышынан турат. Ишмердүүлүктүн эки түрү тең айрым өлкөлөрдүн жана эл аралык улуттук тажрыйбаны пайдаланууга негизделген.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9