Саясий концепция

Википедия дан

Саясий концепция-(латын тилинен келген conceptio – түшүнүк) – тигил же бул саясий институттун, саясий күчтүн саясатын толук, системалык негиздөө. Саясий концепция теориялык түшүндүрмө менен саясий практикалык өз ара байланыш формасы катары чыгат.
Саясий концепция төмөндөгүдөй элементтерди өзүнө камтыйт: каралып жаткан маселе боюнча белгилүү болгон теориялардын жыйындысы жана маселени чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору; саясий институттардын ишмердүүлүктөрүн багыттоо; чечилип жаткан проблеманын теориялык жана саясий негиздерин ишке ашыруу механизми.

Адатта, саясий концепция саясий партиялардын, кыймылдардын, коомдук уюмдардын программаларында, декларацияларында, билдирүүлөрүндө, коомдун өнүгүшү, саясий система, мамлекет боюнча официалдуу документтерде көрүнөт жана бекемделет.
Азыркы мезгилдеги өнүгүүнүн төмөнкүдөй саясий концепциялары жөнүндө айтсак болот: коомдук өнүгүүнүн концепциялары (конвергенциялык, технократтык ж. б.); такталган практикалык маселелерди чечүү боюнча концепциялар (кризистерден чыгуу, экономиканы реформалоо, тышкы саясаттын негизги багыттарын аныктоо ж. б.); тигил же бул саясий институттардын, социалдык феномендердин өнүгүү концепциялары (жарандык коом, демократтык коом, жаңы Конституция, укуктук мамлекет ж. б.).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9