Саясий маркетинг

Википедия дан

Саясий маркетинг(англ. market – базар) – саясаттын субъекттерине, социалдык, таптык, этностук, профессионалдык, региондук жалпылыктарга таасир этүү каражаттарынын, ыкмаларынын системасы; саясий базардын көрсөтмөлөрүнө жана талаптарына, жарандардын (шайлоочулардын) саясий керектөөлөрүнө багытталган саясий ишмердүүлүктү уюштуруу жана башкаруу механизми. Саясий маркетинг системасында саясий ишмерлер жана уюмдар, саясий атаандаштык мыйзамы аракет кылган өзгөчө базарда, өзгөчө товар катары көрсөтүлөт.

Саясий маркетинг өзүнүн концепциясында, иштелип чыккан стратегия жана тактикасынын жардамы менен базарда өз товарын алдыга түртүп, «сатат», шайлоочулардын психологиясына таасир этүү үчүн маркетингдик изилдөөлөрдөн негизинде иштелип чыккан көптөгөн саясий механизмдер, массалык маалымат каражаттары, өзгөчө телекөрсөтүү ж. б. таасир этүү каражаттары ишке киргизилет. Жарнама, маркетинг институттарынын кеңири структурасы түзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9