Саясий реализм

Википедия дан

Саясий реализм — эл аралык мамилелерди жана бүтүндөй саясатгы изилдөөнүн негизги парадигмаларынын бири.

Саясий реализм салттык консерватизмдин идеологиясына киргизилет. Саясий реализм адамдар (мамлекет, саясий мамилелерри ж.б. ар кандай катышуучулары) өзүлөрүнүн кызыкчылыктарын көздөшөт (эң негизгиси - жашоону жана коопсуздукту камсыз кылуу) деп божомолдойт. Ал үчүн алар бардык жеткиликтүү ыкмаларды, алардын ичинен күч колдонууну да колдонушат. Реализмдин деңгээлинде саясий процесстерди ишке ашыруунун негизги учурлары: экономикалык жана социалдык негизди тушүнүү; калктын көпчүлүк бөлүгү бөлүшкөн идеологияны иштеп чыгуу; мыйзамдуулуктун жетиштүү деңгээлде болуусу (бийликтин мыйзамдуулугунун калк тарабынан таанылуусу); саясий максаттарга шайкеш келген саясий система.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8