Саясий тил

Википедия дан

Саясий тил - саясаттын негизги каражаттарынын бири; анын жардамы менен анын түзүлүүсү, иштеши жана саясий маалыматты эки формада - вербалдык (сөздөрдүн тили, кадимки сүйлөшкөн тилдин ар түрдүүлүгү) жана символикалык (абройдун атайын белгилеринин, шарттуу сигналдардын, эмблемалардын, ритуалдык аракеттердии тили) берүү.

Мындан тышкары, Саясий тил саясий ведомстволордун атайын, кесиптик тили (инструкциялардын, сүйлөшүүлөрдүн, буюртмалардын, кат жазышуулардын) жана саясий публикалык сүйлөөнүн жеткиликтүүрөөк жана жалпы түшүнүктүү тили: маалыматтын, докладдардын, билдирүүлөрдүн, митингдердин, парламенттик иштердин ж.б. Тил саясий маданияттын элсменти. Ал өзүнө: саясий мамилелер, институттар жана аң-сезим чөйрөсүндө коомдун маданий мурасын; инсандын саясий жүрүм-турумунун көбүрөек же азыраак конвенционалдык идеалын; бийлик менен жарандардын ортосундагы мамилелер менен байланышкан саясий баапуулукг&упьт жана нормалардын жыйындысын камтыйт.

Саясий тил саясий маданияттын элемента катары бир катар нормаларды камтыйт: тилдик табу; экпрессиянын эрежелери; публикалык чыгып сүйлөөлөрдө адабий талди колдонуу. Көбүрөөк мааниге саясий тексттердин императавдик жана ынандыруу функциясы ээ, анткени бул функцияларды ишке ашыруунун ыкмаларына моралдык баа берүү жасалган. Саясий тил ошондой эле социалдык фактыларды каттоо жана кайра түзүү функциясын аткарат. Саясий текст бийликтин жана жарандардын ортосундагы байланышты кармап туруу ыкмасы. Ал журналистиканын, публицистиканын, пропаганданын жана аз даражада - коомдук илимдин тилин аныктайт. Саясий тексттердин саясий маданиятта абдан көп болуусу негизинен бийлик менен атуулдардын ортосундагы байланышта расмий эмес учурлардын жок экендигин тастыктайт жана саясатты бюрократташтыруунун чеги катары каралуусу мүмкүн. Саясий тил. ачык жана жабык аксиологияны камтыйт. Негизинен саясий тексттерде социалдык жана саясий кубулуштардын баалары камтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8