Саясий турмуш

Википедия дан

Саясий турмушкоомдун жашоосунун негизги сфераларынын бири; анда саясий бийлик, коомдук, саясий күчтөр жана кыймылдар аракет кылышып, түрдүү саясий процесстер болот; саясатта, саясий мамилелерде жана саясий ишмердүүлүктө объективдүү жана субъективдүү факторлордун өз ара аракеттенүүсү.Саясий турмуш – так илимий аныктоого жана кабыл алынган идентификациялоого мүмкүн болбогон саясий мүнөздөгү көптөгөн кубулуштар жана процесстердин жалпылануусу. Анда белгилүү экономикалык, социалдык-саясий талаптар, кызыкчылыктар жана максаттар менен кыймылга келген адамдардын зор массасы түз же кыйыр түрдө катышат. Ошонун жардамы менен коомдук турмуш саясатташтырылат, экономикалык, социалдык, маданий ж. б. мамилелер жана байланыштар бул же тигил даражада саясий түскө жана багытка ээ болушат.
Коомдун социалдык негиздерин демократташтыруудан жана укуктук мамлекеттин калыптанышынан улам Саясий турмуштун ролунун жана маанисинин жогорулашы анын мыйзам ченемдүүлүгү болуп эсептелинет. Мындай шартта саясий турмуш үчүн: идеялык жана саясий плюрализм, граждандык коомго жооп берүүчү жана аткаруучу бийлик органдарынын өнүккөн системасынын функция кылышы: саясий партиялардын жана коомдук кыймылдардын активдүү ишмердүү-лүгү; калктын кеңири массасын саясий процесске тартуу мүнөздүү.
Коомдо түрдүү карама-каршылыктар курчуп, альтернативдик кыймылдар пайда болуп жана тез өнүгүп, каршылаш тараптар кагылышып, кризистик кубулуштар жана процесстер күч алып, прогрессивдик жана деструктивдик тенденциялар бирге өкүм сүргөн критикалык, бурулуш доорлорунда жана мезгилинде С. т-тун активдештирилүүсү турат. Кризистик абалдан чыккан сайын Саясий турмуш турукташат жана анын өнүгүүсү кадыресе шарттарда өтөт: социалдык субъекттердин (таптар, партиялар, коомдук уюмдар, индивиддер) саясий ишмердүүлүгү тарыхый акталган, цивилизацияланган каражат жана ыкмалардын жардамы менен, адамдын экономикалык, социалдык жана индивиддик укуктарын жана эркиндиктерин сактоо менен иш жүзүнө ашырылат. Тоталитардык, авторитардык, бюрократтык же аскердик-фашисттик ж. б. диктатордук режимдер орногон өлкөлөрдө Саясий турмуш терс өзгөрүүлөргө учурайт; анын мазмуну жана формасы, демократтык белгилери бурмаланат. Ошол эле мезгилде так саясий сферада Саясий турмуш, коомду демократтык жаңыртуу үчүн күчтөр жана кыймылдар калыптанат. Саясий турмуш мамлекеттердин союзу, мамлекет аралык бирикмелердин чегинде, эл аралык мамилелер, дүйнөлүк саясий-социалдык абалдын өнүгүүсү менен тыгыз байланышкан регионалдык жана глобалдык деңгээлде да журөт. Саясий турмуш дүйнөлүк коомчулуктун бул же тигил тарыхый этабында түрдүү коомдордун жана абалдардын ички индикатору болуп чыгат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: А. Акунов Ред. кеңеш: Б. Солтонбеков (төрага), А. Акунов, Т. Ожукеева, К. Байболов, ж.б