Саясий уюм

Википедия дан

Саясий уюм (коомдо) – институттар системасы; анын чегинде коомдун саясий турмушу, анын саясий системасынын башкаруучу бөлүгү өтөт. Саясий уюмдун жетектөөчү элементи – мамлекет болот. Бийлик, материалдык ресурстар жана мажбурлоо аппаратына ээ болуу менен бирге Саясий уюм өлкөнүн саясий системасынын институттарынын укуктук статусун жана алардын ишмердүүлүгүнүн юридикалык чектерин орнотот; таптардын, улуттардын, коомдогу башка социалдык топтордун кызыкчылыгынын тен салмактуулугун камсыз кылат; эл аралык аренада коомдун кызыкчылыгын коргойт. Коомдун, анын социалдык топтору жана катмарларынын абдан активдүү жана уюмдашкан бөлүгү саясий партияларга биригишкен.
«Партиясыз» мамлекеттер дүйнөдө бирдеп саналат, көп өлкөлөрдө көп партиялуулук өкүм сүрөт. Көп партиялуулуктун калыптануу жана өнүгүү процесси КМШ жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндө кызуу жүрүүдө. Ар бир саясий партиянын келип чыгуусунун жана ишмердүүлүгүнүн маңызы – бул саясий бийликке умтулуу мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын калыптанышында жана ишке ашырылышында катышуу болуп эсептелинет. Саясий уюмдун маанилүү структуралык элементтери болуп коомдук уюмдар: профессионалдык, коргонуучу, чыгармачыл, жаштар, ардагерлердин, аялдардын ж. б. Ар кандай даражада: бири системалуу түрдө, экинчилери – эпизоддук түрдө бул ыктыярдуу бирикмелер граждандардын саясий ж. б. кызыкчылыктарын чагылдырышат, алардын социалдык-саясий активдүүлүгүнүн калыптанышына жана өнүгүшүнө мүмкүндүк берет.
Реалдуу авторитетине ылайык коомдук уюмдар мамлекеттик жана коомдук ишмердик башкарууда, социалдык-саясий проблемаларды чечүүдө катышышат. Коомдун саясий системасынын активдүү жана өз алдынча элементи катары массалык маалымат каражаттары – басма сөз, радио берүү, телекөрсөтүү каналдары боюнча массалык маалыматты чогултуу, иштеп чыгаруу жана жайылтуу менен иш кылган мекеме-уюмдар чыгууда. ХХ к. экинчи жарымында массалык маалымат каражаттарынын улуттук системасы калыптанып, регионалдык жана глобалдык системалар түзүлүүдө. Алардын ишмердүүлүгүндө жалпы адамзат ориентирлери жана мамлекеттик, партиялык же ведомстволук буйруктан көз карандысыздык зор мааниге ээ болууда. Саясий турмушта массалык маалымат каражатынын маанисин эске алып, аларды кээде «төртүнчү бийлик» деп да атап коюшат. Кээ бир мамлекеттерде коомдун саясий уюштурулушунда чечүүчү ролду конфессионалдык уюмдар, мамлекеттен официалдуу түрдө бөлгөндүгүнө карабай чиркөө, мечит ойнойт. СССРде, Чыгыш Европанын бир катар өлкөлөрүндө узак убакыт бою чиркөөгө, мечитке карата мамиле терс мааниде болгон. Бүгүнкү күндө мамлекеттер, саясий партиялар, коомдук уюмдар, массалык маалымат каражаттары планетада тынчтыкты жана жаратылышты коргоо, коомдун ыйманын чыңдоо, руханий маданиятты өнүктүрүү жана байытуу маселелери боюнча ийгиликтүү кызматташууда. Диний кызматкерлер да бийликтин өкүлчүлүк органдарына шайланышат.
Практика күбө кылгандай: коомдогу Саясий уюмдын жашоосунун эффективдүүлүгүнүн коомдун саясий, экономикалык, социалдык, руханий өнүгүүсүнүн кеңири жана татаал проблемаларынын чечилиши, социалдык-саясий, экономикалык, руханий прогресстин темптери көз каранды.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: А. Акунов Ред. кеңеш: Б. Солтонбеков (төрага), А. Акунов, Т. Ожукеева, К. Байболов, ж.б