Сезимталдык тарбия
Сезимталдык тарбия - (Сенсордук тарбия) – сезимталдык процесстерди (туюу, кабылдоо, элестөө) максатка багыттап өркүндөтүү жана өнүктүрүү сезимталдык процесстер таанып-билүүнүн адепки баскычы болуп саналгандыктан, сенсордук тарбия акыл-эс тарбиясынын башталма топбу катары кызмат кылат. Ошондуктан сезимталдык тарбия акыл-эс тарбиясынын негизи деп эсептелет. Тагыраак айтканда, сезимталдык тарбия музыка менен сүрөт искусствосу боюнча окуучулардын жөндөмдүүлүгүн калыптандырууну башкы милдети деп карайт. Бул өңүттөн алып караганда аны эстетикалык тарбиянын ажырагыс бөлүгү деп эсептесе да болот.
Ал эми сезимталдык тарбиянын жүрүшүндө сезимталдык таанып-билүүдөн рационалдуу таанып-билүүгө, кабылдоодон ой жүгүртүүгө карай өтүү боюнча даярдык көрүлөт да, бара-бара интектуалдык ишмердүүлүктүн калыптанышы жүзөгө ашырылат. Мындан тышкары сезимталдык тарбия баланын булчуң сезимдерин өстүрүүнү, эне тили боюнча үндөрдү талдоону өркүндөтүүнү, музыкалык табитин, мейкиндиктеги буюмдар менен түстөрдүн ортосундагы мамилелерди, көлөм менен форманы жана башкаларды кабыл алуу өңдүү процесстерди калыптандырууну өз ичине камтыйт. Мектепке чейинки жаштагы балдарда сезимталдык процесстер жакшы өнүккөндүгүн эске алсак, анда ушул курак үчүн сезимталдык тарбияга башкы роль таандык. Ошондуктан тарбиянын бул түрү бакча жашындагы балдардын педагогикасындагы бирден бир башкы көйгөйү болууга тийиш.
Сезимталдык тарбия боюнча көрүнүктүү педагогдор Я. А. Коменский, И. Г. Песталоцци, А. П. Усова, Е. И. Тихеева жана башкалардын үзүрдүү эмгектери педагогика илимине кошкон эбегейсиз зор салым болуп саналат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,