Сезимталдык

Википедия дан

Сезимталдык (орус. Вчувствование) – предмет тарабынан чакырылган сезим жана көңүлдү билдирүүнү, жеткизүүнү түшүндүргөн искусствонун психологиясынын жана эстетиканын термини.

Мисалы: кандайдыр бир пейзажды адамдын кабылдоосунда сүйүнүү же капалануу сезимдери ушул пейзажда чагылдырылышы аркылуу пейзаждын мүнөзү «шаттуу» же «капалуу» тартылгандыгы сапат катары кабылданышы. Сезимталдык түшүнүгү алгач Ф. Т. Фишер (1887) тарабынан талданып, Т. Липпстин эстетикасынын негизги принциби болуп калган. Бул термин 20-кылыдын башында искусствонун теориясында кеңири тарап (Вернон Ли, В. Воррингер ж. б.), көпчүлүк учурда субъективдүү идеалисттик маанайда түшүндүрүлгөн.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]