Сейдалиев, Жумалы

Википедия дан

Сейдалиев Жумалы (1913-ж. т., Талас району, Калба айлы) — комузчу-аткаруучу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1947).
Комузду адегенде 12 жашында Эркесары деген кишиден, андан кийин 1932—33-ж. Атай Огомбаевден үйрөнгөн.
1939-ж. Москвада өткөн декадага барып «Көр толгоо» деген күүнү аткарып, сыйлыкка татыктуу болгон.
1939-жылдан Өзгөн театрында, 1962-жылдан Талас элдик театрында иштеген. Комузду чебер аткарып, андан сырткары спектаклдерде да роль аткарган. Өзүнүн «Колхоз таңында», «Курама-шаңгырама», «Бакыт» деген күүлөрү бар. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.