Сейдалы Медетов

Википедия дан

Сейдалы Медетов (1928-1958)- Белгилүү композитор, комузчу. Ал 1928-жылы 17-майда Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында туулган 1940-1942-жылдар Нарын музыкалык-драма театрында, Кыргыз улуттук филармониясында иштеген. 1944-1949-жылдары Фрунзе шаарындагы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу-жайынын дирижерлук классын бүтүргөн. 1949-1958-жылдары Москвадагы Чайковскийатындагы консерваториянын улуттук студиясында композиция боюнча профессор В.Шебалинден билим алган. 1953-1958-жылдары "Майрамдык увертюра", фортепиано үчүн "Рапсодия", соната, скрипка менен фортепиано үчүн "Скерцо", Э.Григдин эстелигине сюита,эл аспаптар оркестрине "Пахтачы кыздын бийи" аттуу чыгармаларды, "Бактылуу Кыргызстан", "Токтогулдун арманы", "Кең Ала-Тоо" хорлорун, "Какшаалдан кат", "Чабандын ыры", "Бешик ыры", "Фестиваль ыры", "Таарыныч" деген ырларды жазган. "Алар Тянь-Шанда торолгон" жана башка көптөгөн документалдык фильмдердин музыкалары Сейдалы агайга таандык. Сейдалы Медетов кыргыз музыкасынын негизги үлгүлөрүн сактаган жана өнүктүргөн кайталангыс талант эле. Сейдалы аганын кыргыз калкына калтырып кеткен патриоттук сезимдеги обондорунун тунуктугу, ыргактарынын кайталангыстыгы, мукамдуулугу ар бир угуучунун жүрөгүнөн орун табат. Ошол түбөлүктүүлүк гана аганын өмүрүн улап жашай берет, элеси менен.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Инсандар таржымалы.Бишкек 2007-ж.