Секулярдаштыруу

Википедия дан

Секулярдаштыруучиркөөнүн, мечиттин жана кечилкананын (монастрдын) мүлкүн мамлекеттин мүлкүнө айландыруу, тактап айтканда мечиттин, чиркөөнүн менчигин алып, атуулдук менчикке берүү.

Секулярдаштыруу – бул диний институттарды социалдык кызматынан ажыратуу, диний ырым-жырымдарды, түшүнүктөрдү сүрүп чыгарып, аларды мамлекеттики менен алмаштыруу, коомдо жана жеке адам аң-сезиминде материалисттик, атеисттик көз караштарды бекемдөө. Азыркы учурда көптөгөн өлкөлөрдө дин мамлекеттен ажыратылган, бирок демократиянын принциптерин сактаган коомдо мамлекеттин коопсуздугуна, кызыкчылыгына коркунуч туудурбаса, диний иш-аракеттерге тыюу салынбайт.

Негизинен, маркстык адабияттарда коомду жана жеке адамды диндин таасирлеринен бошотуу үчүн иштелип чыккан көз караш.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]