Сел-Үңкүр эстелиги
СЕЛ-ҮҢКҮР ЭСТЕЛИГИ – төмөнкү таш дооруна таандык Хайдаркан шаарына жакын жерде жайгашкан археологиялык эстелик. 1-жолу Борбордук Азияда сфероид, кливер, кол чокмору, найзанын башы сымал куралдар жана сүт эмүүчү жаныбарлардын тиштери табылган. Алынган маалыматтарга таянып, археолог Ө.Исламов эстеликти 1 млн. 100 жыл мурдагы мезгилге таандык экендигин аныктап, табылган куралдардын мындан 1,4–2,5 млн. жыл мурдагы Жакынкы Чыгыш жана Чыгыш Африкада табылган куралдар менен окшоштугу бар экендигин божомолдогон. Сел-Үңкүр эстелигинен табылган ашель дооруна тиешелүү куралдар, баш сөөктүн калдыгы, тиштер жана каржилик палеонтропко таандык. Окумуштуулар Сел-Үңкүр эстелигин мындан 500–600 миң жыл мурдагы мезгилге туура келгендигин божомолдошот. Сел-Үңкүр эстелиги 1960-жылы А.П.Окладников тарабынан ачылып, 1980-жылдан Ө.Исламов тарабынан изилденүүдө.
Адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.