Семетейдин балалык чагы

Википедия дан

«Семетейдин балалык чагы»Саякбай Карала уулунун, айтуусу боюнча балдарга арналган китепче (Фр., 1970). Иллюстрациялар менен кооздолгон. Сүрөтүн Б. Кошоев тарткан. Мында Семетейдин балалык чагынан бир гана эпизод берилген. Семетейдин таятасыныкында өз эли, жерин, ата-энесин билбей чоңоюшу, ал он экиге толгондо «Билгенге Манастын ашы, билбегенге Семетейдин тою» деп Темиркан өзүнүн ордуна Букарга кан көтөргөндө төлгөгө чабылган Тайторунун чыгып келгендиги жөнүндөгү окуялар камтылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4