Семетей Беки уулу

Википедия дан

СЕМЕТЕЙ Беки уулу (1854, Ноокен жергеси, Майлысуу болуштугу – 1924, ошол эле жер) – Ноокен аймагынан чыккан тарыхый инсан, таанымал болуш. Кедей үй-бүлөдөн. Болуштукка шайлангандан кийин адыр-тоолордо көчүп-конуп жүргөн жердештерин Бостон менен Кыланын түз жерлерине көчүрүп түшүп, арык каздырып суу чыгарткан, жер айдатып, дан эгиндерин, шалы, пахта эктирген. Курманжан даткага барып, Кытай менен соода жүргүзүүгө макулдашып, ал жактан чыт, баркыт, идиш-аяк, кант, чай жана башка элге керек буюм-тайым алып келген. Совет бийлиги тушта басмачылар Арпачыдагы орустарды күнөөсүз жерден өлтүрүшкөндө, жазалоого келген «кызылдарга» Семетей иштин жөн-жайын түшүндүрүп, элди аман сактап калган. 1993-жылы Кочкората шаарчасындагы орто мектепке анын ысмы берилген.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.