Сен менен Чихиронун кайып болушу

Википедия дан
Сен менен Чихиронун кайып болушу
Режиссеру Хаяо Миязаки
Продюсер Тосио Судзуки
Жазуучу Хаяо Миязаки
Оператору Ацуси Окуи
Тартылгандар
Музыкасы Дзө Хисаиси
Редактору Такеши Сеяма
Студия Studio Ghibli
Жайылтуучу Toho (Жапония)
Чыккан жылы
  • 20 июль 2001 (2001-07-20) (Жапония)
Узактыгы 125 мүн.[1]
Өлкөсү  Жапония
Тили Жапон
Бюджети
  • ¥1.9 миллиард
  • ($15–19 млн)
Киреше
  • ¥30.4 миллиард[2]
  • ($289.1 млн)

"Сен менен Чихиронун кайып болушу" (англ. Spirited Away, орус. Унесённые призраками) — 2001-жылы Хаяо Миязаки тарткан жана жазган, "Studio Ghibli" өндүргөн фантастикалык анимациялык тасма. Тасмага тартылгандар: Рууми Хиираги, Мию Ирино, Мари Нацуки, Такеши Наито, Ясуко Савагучи, Цунехико Камижоо, Такехико Оно жана Бунта Сугавара. Тасма жаңы жерге көчүп баратып кайып дүйнөгө туш болгон капалуу 10 жашар Чихиро Огино (Хиираги) тууралуу окуяны баяндайт. Сыйкырчы Юбаба Чихиронун ата-энесин чочкого айлантып салган соң, Чихиро Юбабанын мончосуна жумушка орношот жана өзү менен ата-энесин адамзат дүйнөсүнө кайтып кетүүнүн жолун издейт.

Тасма 2001-жылы 20-июлда жарыкка чыккан. Дүйнөлүк аренада $289 млн киреше таап, киносынчы жана көрүүчүлөрдүн алкышына татуу менен жапон тарыхында эң ийгиликтүү тасма аталган. Тасма жапон тарыхында ¥30.4 миллард киреше алып келүү менен "Титаник" тасмасынан да ашып түшкөн. Тасма колго чийилген анимациялык тасма жана жапон анимациялык тасмасы катары 75-Оскардан "Эң мыкты анимация" сыйлыгын алган жана Британия фильм институтунун (BFI) "14 жашка чейинки балдардын эң мыкты 50 тасмасы" тизмесине кирген.

2016-жылы тасмага "21 кылымдын эң мыкты 4-тасмасы" деп 177 киносынчы добушун берген.

Сюжет[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Spirited Away (PG). British Board of Film Classification (14 August 2003). Текшерилген күнү 23 -январь (үчтүн айы) 2015.
  2. ‘Frozen’ Ranks as Third-Biggest Hit in Japan. The Wall Street Journal. Текшерилген күнү 3 -январь (үчтүн айы) 2016.