Титаник (тасма)

Википедия дан
Титаник(тасма)‎»‎ барагынан багытталды)
Титаник
Жанры

кырсык-тасма
мелодрама
драма

Режиссёру

Джеймс Кэмерон

Продюсери

Джеймс Кэмерон
Ландау, Джон

Сценарийдин
автору

Кэмерон

Башкы ролдордо

Леонардо Ди Каприо
Кейт Уинслет
Билли Зейн
Кэти Бейтс

Оператору

Расселл Карпентер

Композитору

Джеймс Хорнер

Кинокомпания

20th Century Fox, Paramount Pictures, Lightstorm Entertainment и British Film Institute

Узактыгы

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Бюджети

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Кирешеси

Маалыматтардын маңызы белгисиз. и Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Өлкө

АКШ

Тили

англис тили

Жылы

Маалыматтардын маңызы белгисиз., Маалыматтардын маңызы белгисиз., Маалыматтардын маңызы белгисиз., Маалыматтардын маңызы белгисиз., Маалыматтардын маңызы белгисиз., Маалыматтардын маңызы белгисиз. и Маалыматтардын маңызы белгисиз.

IMDb

ID 0120338

«Тита́ник» (англ. Titanic)-кырсык,мелодрама,драма жанрында 1997 жылы,режиссёру Джеймс Кэмерон тарткан тарыхый тасма.

"Титаник " лайнеринин тарыхынан[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1912-жыл, 14-апрель. Дүйнөдөгү эң кубаттуу, эң чоң жана эң кымбат кеме Саутгемптон-Нью-Йорк багыты боюнча өзүнүн алгачкы жана акыркы сапарына чыккан. Бул каргашалуу күндө болгон дүйнөлүк кырсыктын алдын алса болот беле? Бул суроого изилдөөчүлөр жана күбөлөр “болот” деп жооп беришкен.

Кемелердин королу “Титаник” Түштүк Ирландияда мыкты куруучу, инженер, дизайнерлер тарабынан курулган. Лайнердин узундугу 275 метр, салмагы 46 миң тонна эле. 4 зор мордун ар биринин бийиктигин 11 кабат үй менен салыштырууга болот. Кеменин ылдамдыгы 50 жылкынын кубатына барабар эле. Өкүнүчтүүсү, адистер кеменин коопсуздугуна караганда анын кооздугу жана ылдамдыгына көбүрөөк көңүл бөлүшкөн. Кеменин бай жүргүнчүлөрү үчүн бассейн, түрк мончолору, спорт залдары, теннис аянтчалары, ресторандар салынган. Курууга кеткен акчанын жалпы көлөмү азыркы акча менен 100 миллион долларды түзгөн.

Кемеде 20 куткаруучу кайык бар эле. Бул сан эл аралык стандартка жооп бергени менен кемедеги жүргүнчүлөр үчүн өтө эле аздык кылган. “Титаник” 2 саат 20 мүнөттүн ичинде океан коюнунда жок болду. Кемедеги 2 миң 227 адамдын ичинен 705 киши гана аман калган.

"Титаник" тасмасынын жаралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеймс Кэмерон “Титаник” тууралуу алгачкы жолу 1987-жылы документалдык фильм аркылуу билген да, аны дароо кино тартуу жөнүндө идея ээлеп алган. 1994-жылга чейин Кэмерон 167 беттен турган сценарий жазып, аны “20th Century Fox” кинокомпаниясына сунуштаган. Компаниянын өкүлдөрү ойлонбостон режиссёрго 3 миллион доллар бөлүп берүүнү чечкен. 

Өзүнүн тасмасынын негизги “каарманы” менен жакындан таанышуу максатында Кэмерон 1995-жылы орусиялык илимий-изилдөөчү команда менен бирге океан түбүнө 12 жолу чумкуган. Ошондо эле фильмдин алгачкы эпизоддору тартыла баштаган. Суу алдында камералар 15 мүнөт гана иштечү, андыктан, чыныгы “Титаникти” тартууга эле 2 айдан ашык убакыт кеткен. Ал эми кийин тасмага бул материалдын 12 мүнөтү гана керектелген.

“Көрүүчүлөр кинотеатрга кеменин урашын көрүү үчүн келет” деп ишенген режиссёр бул көрүнүшкө басым жасап, атайын эффекттерди даярдоого 17 студияны ишке киргизген. Алардын башында кийин «Оскарга» ээ болгон Роберт Легато турган.

Тасма 1996-жылдын 16-сентябрында тартыла баштаган. Баштала элек жатып түрдүү даярдыктарга 110 миллион доллар сарпталганы эсептерден билинген. 7 айдын ичинде тартылып бүткөн тасманын жалпы бюджети 200 миллионго чыгып кеткендигине байланыштуу акчасы жетпей бараткан “20th Century Fox” компаниясы өзүнүн атаандашы “Paramount Pictures” компаниясынан кошумча тыйын алууга мажбур болгон. Мындай жардамы үчүн “Paramount Pictures” тасманы Түштүк Америкада жайылтуу акысына ээ болгон.

Кинокомпаниянын жетекчилери тасманын дээрлик 3 сааттан ашык созулаарын көргөн соң аны кыскартып, бир аз да болсо акча үнөмдөөнү сунушташкан. Бирок, Кэмерон алардын сөзүнө көнгөн эмес. Тасманын бизге жеткен акыркы варианты 194 мүнөт. Анын бет ачары 1997-жылы 1-ноябрда Токио шаарындагы Эл аралык кинофестивалда болуп өткөн.

Фильмди кантип тартышкан?[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адегенде Мексиканын Розарито аймагынын жээгинде негизги көрүнүштөр тартыла турган чоң студия жасалган. 5 тонна динамитти жардырып, пайда болгон чуңкурга 4 миллион литр суу толтурушкан. Чоң бассейндин ичине чыныгы “Титаник” менен дээрлик тең болгон кеменин макетин курушкан. “Титаниктин” узундугу 265 метр, ал эми анын макети 34 метрге кыскараак болгон. Аны “чөктүрүү” үчүн дагы 65 миллион литр суу керектелген. Тасма тартылып бүткөндө макетти бузуп, металлоломго өткөрүп салышкан.

Кемени жалпы план менен тартуу үчүн алгач вертолёт алынган, бирок, кийин аларды 50 метрлик кран менен алмаштырууну чечишкен.

Көпчүлүктү тартууга миңден ашуун адам керектелген. Кийин аларды компьютердик программанын жардамы менен “көбөйтүп коюшкан”. Кеме чөгөөрдө анын тумшугу тик болуп калат да, адамдар ылдый көздөй кулай баштайт. Бул эпизод туура 10 жолу тартылган. Мында режиссёр 40 каскадёрдун кызматын колдонгон. Тасманын катышуучуларын күндө 12-14 саат сууда кармоого туура келген.

Кеме менен жарыша сүзгөн дельфиндердин кээ бири атайын үйрөтүлгөн жаныбарлар болсо, кээси компьютердик графика экен.

Ал эми “Титаниктин” чөгүшү­нүн башкы себеби болгон айсберг көбүнчө курулушта колдонулган тез катуучу көбүктөн жасалып, айнек жана мом менен капталган. Ал эми адамдардын беттеринде, чачтарында тоңуп турган “аяз” сууга тийсе катып калчу атайын упадан жасалган. Алардын оозунан чыккан буу да компьютердин жардамы менентартылган.

Номинациялар жана жеништери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бүгүнкү күндө бул тарыхый драма 135 номинацияда аталып, анын ичинен 87 номинация боюнча сыйлыкка татыктуу деп табылган. Сыйлыктардын эң баалуулары болуп “Эң мыкты тасма”, “Эң мыкты режиссёр”, “Эң мыкты оператор”, “Эң мыкты кийим дизайны”, “Эң мыкты монтаж” жана башка наамдары менен кошо берилген 1998-жылдын 11 «Оскары» эсептелет. Бул тасма тарыхта 2-чи 11 "Оскар" алып, рекорд коё алган.

Саунтрек[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Тасмага музыка жазып бер” деген өтүнүч менен Кэмерон белгилүү ырчы Энияга кайрылган. Андан терс жоопту уккан соң дароо Жеймс Хорнерге барган. Тасмадагы бардык композициялардын автору Хорнер элге тасма менен удаа дискти да тартуулаган. Селин Диондун аткаруусундагы атактуу “My Heart Will Go On” (“Жүрөгүм сени түбөлүк сүйөт”) аттуу ыры жазылган диск дүйнө жүзүнө 27 миллион нуска менен тараган. Ал эми ырдын авторлору “Эң мыкты ыр” үчүн Оскарга ээ болушкан

Тасмадагы катачылыктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кеменин капитаны беймарал пакеттелген чайды чынысына малып, чайынан ууртап ичип жатат. 1912-жылдары кургак чайды кичинекей пакетке салып чыгаруу али эч кимдин оюна келе элек эле.
  • Кулап баратып кеменин темир бө­лүк­төрүнө урунган адамдарды көрүп, ал бөлүктөр жумшак резинадан жасалганын байкоого болот.
  • Балким, тасмадагы эң чоң каталардын бири – тасманын эң кайгылуу учуру. Роуз Жектин колун коё бергенде ал дароо океандын түбүнө чөгүп кетет. Бул чындыкка туура келбеген көрүнүш. Жарым тоңгон денелер деле үстүндө канча кийим бар экенине карабай суу үстүндө калкып калат.
  • 3-класстагы жүргүнчүлөрдүн арасында эки балалуу аял бар эле. Кеме чөгүп баратканда ал балдарына жомок айтып берип, тагдырга баш ийген болчу. Көрүүчүлөр аны өлдү экен дешсе, ал кийин кайыктагы аман калгандардын арасында балдары менен отурат.
  • Роуздун көздөрү жаш кезинде жашыл болсо, картаң кемпир болгондо көгүш өң болуп өзгөрүп калган.
  • Роуз Жекке сүрөтүн тарткандыгы үчүн Рузвельттин сүрөтү тартылган 10 центтик тыйын берет. Ал тыйындар 1946-жылы гана чыга баштаган.
  • Ызы-чуу башталганда көпчүлүктүн арасындагы бир жүргүнчүнүн билегинде электрондук кол саат бар.

Кызыктуу маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Сценарий боюнча Роуз “Жек” деп 80 жолу айтса, Жек Роуздун атын 76 жолу кайталайт экен. Ал эми “мен сени сүйөм” деген фраза тасмада бир гана жолу Роуздун оозунан чыгат.
  • Роуздун 101 жаш курагын аткарган актриса Глория Стюарт “Экинчи пландагы эң мыкты актриса” болуп аныкталып, 87 жашында «Оскарга» ээ болгон. Бардык актёрлордун ичинен “Титаниктин” заманында жашаган жалгыз киши ошол Глория Стюарт эле. Учурда актриса 98 жашта жана жаңы роль издеп, сценарийлерди калтырбай окуйт.
  • Кэмерон сценарийди жазып жатканда Жек Доусон жана Роуз Де Витт Букатер деген ысымдарды оюнан чыгарып жазган. Кийинчерээк, “Титаникте” 1888-жылкы Ж.Доусон деген жүргүнчү катталганы тууралуу факт Кэмерон үчүн күтүлбөгөн нерсе болгон. Азыр ошол Ж.Доусондун мүрзөсү – Шотландиядагы эң көп киши келип-кеткен мүрзө.
  • Жек тарткан сүрөттөрдүн автору – Жеймс Кэмерон. Жек Роузду тартып жаткан эпизоддогу экрандагы колдор Кэмерондуку. Ал сологой болгондуктан, кадрларды “күзгү” эффектиси менен оңдоп коюшкан. Таланттуу режиссёр бардык жактан таланттуу турбайбы!
  • Жектин ролуна актёр Макалай Калкин, ал эми Роуздун ролун аткарууга Гвинет Пэлтроу кастингге катышышкан.
  • Жарнамалык иш-чараларды кошуп эсептегенде тасмага 250 миллион доллар сарпталган. 2 жыл ичинде “Титаник” бул акчаны 8 эсе чоң көлөмдө кайтарып алган. 2 миллиард доллар бүткүл дүйнө жүзү боюнча топтолгоН.

Титаниктен кийинки убакытта актер, режиссерлордун сырларынан[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Леонардо Ди Каприо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Леонардо Вильгельм Ди Каприо 1974-жылы 11-ноябрда Лос-Анжелесте (АКШ, Калифорния) туулган.  “Титаникке” тартылып жүргөн кезинде Лео чоң кескелдирик бакчу. Күндөрдүн биринде байкуш жаныбар машинанын алдында калат. Сүйүктүү кескелдиригин айыктырып алуу үчүн Лео 2 күн “жумушка” чыккан эмес. Лео тасмадагы шериктеши Кейтти катуу сүйүп калган. Бирок, Кейт мамилелерине чек койгон. “Титаник” жарык көргөндө дүйнөдө кадимки “дикаприомания” оорусу башталган. Күйөрмандар Леону эч жерде жай коюшчу эмес. Күтүлбөгөн популярдуулукка даяр болбогон актёр тез аранын ичинде арак, баңгиге берилип, семирип кеткен. Шүгүр, бул оорудан актёр тез эле айыкты.

Жеймс Кэмерон[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеймс Кэмерон

Белгилүү “Терминатор”, “Чоочундар” сыяктуу шедеврлерди жараткан Жеймс Кэмерон 1954-жылы 16-ав­-густта Онтариодо (Канада) туулган. 

Сценарист, актёр, продюсер, сүрөтчү, жазуучу, акын, композитор жана режиссёр Кэмерон кесиби боюнча кадимки физик.

“Титаник” фильминин бюджетин башта 135 миллион деп пландашкан. Бирок, Жеймс Кэмерон бул санды 200 миллионго жеткиргенде, ага сөз берилген 8 миллиондук гонорардан жана кирешенин бир канча пайызынан куру калган. Ошентип, улуу режиссёрго “Титаниктен” байлык эмес, түбөлүк атак-даңк гана калды.

Кейт Уинслет[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Голливудда “англиялык роза” деген атка конгон Кейт Уинслет 1975-жылдын 5-ок-тябрында Беркширде (Англия) төрөлгөн. 

33 жашар актриса 45 тасмада образ жаратканга жетишкен. Ал эң сүйүктүү образым деп ага атактуулукту алып келген “Титаниктеги” Роузду эсептейт.

“Титаник” тартылып жатканда катышуучуларга билинбеген гидрокостюмдарды кийгизишкен. Актёрлордун көбү анын ыңгайсыздыгынан кийүүдөн баш тартышкан. Ошолордун арасындагы актриса Кейт Уинслет тасма тартылып бүткөндө пневмония оорусу менен ооруп калган.

Актриса “Титаниктин” бет ачарына келген эмес. Так ошол мезгилге чу­кул Кейттин жигити рак менен ооруп, актрисанын колунда каза болгон.

“Титаник” актрисага жаңы жакын досторду тартуулаган. Ырчы Селин Дион менен Кейт – сырдаш курбулардан

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://www.super.kg/article/show/747