Жеймс Кэмерон

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Жеймс Кэмерон
Сүрөт
Туулгандагы ысымы:

James Francis Cameron

Туулган жылы:

16 -август 1954(1954-08-16) (64 жаш)

Туулган жери:

Капускасинг, Канада

Ишмердүүлүгү:

кинорежиссёр
кинопродюсер
сценарий жазуучу

Жарандыгы:

Канада желеги Канада

IMDb:

ID 0000116

Жеймс Фрэнсис «Жим» Кэмерон (англ. James Francis "Jim" Cameron; 1954-жылы 16-август) – канадалык режиссер, продюсер, сценарист, ойлоп табуучу, инженер, филантроп жана океандын терең сууларынын изилдөөчүсү. Кэмерон “Терминатор” (англ. The Terminator, 1984) тасмасы менен белгилүү болгон. Кийин ал Голивудтун популярдуу режиссеруна айланып, “Бөтөндөр” (англ. Aliens, 1986) тасмасынын сценаристи жана режиссеру болгон, үч жыл кийин, Кэмерон “Ирим” (англ. The Abyss, 1989) тасманы тарткан. “Терминатор 2: Акыр заман” (англ. Terminator 2: Judgment Day, 1991) тасмада атайын эффекттерди колдонгону үчүн режиссер киносынчылар тарабынан жогору бааланган. “Чындыкка жакын жалгандар” (англ. True Lies, 1994) тасмадан кийин, режиссер 1990-жылдары популярдуу болгон “Титаник” (англ. Titanic, 1997) тасмасын тарткан, ушул тасманын артынан режиссер “Оскар” сыйлыгынын “Эң мыкты тасма”, “Эң мыкты режиссер” жана “Эң мыкты кыска метраждуу даректүү тасма” номинацияларына татыган.

“Титаник” тасмасынан кийин Кэмерон, натыйжада “Аватар” (англ. Avatar, 2009) илимий фантастикалык тасмага айланган он жылдык долбоорун баштаган. Жыйынтыкта 3-д технологиялары менен айырмаланган “Аватар” тасмасы “Оскар” сыйлыгынын “Титаник” тасмасы татыган үч номинацияларына ээ болгон. “Аватар” Кэмерондун 3-д технологиялары менен тартылган жалгыз тасмасы болсо дагы, кассалык чогултуулары боюнча Кэмерон 3-д тасмалардын режиссерлору арасында эң ийгиликтүү болуп эсептелет. “Титаник” менен “Аватар” тасмаларды тартуу арасында Кэмерон көптөгөн документалдык (суу астында тартылган документалдык тасмалар) тасмаларды тартып санариптик 3D Fusion Camera System системинин кош-изилдөөчүсү болгон. Биографтын айтканы боюнча “бир жагынан окумуштуу башка жагынан артист” болгон Кэмерон суу астындагы тасма тартууга жана аны үчүн атайын техника менен камсыз кылууга өз салымын кошкон. 2012-жылдын 26-мартында Кэмерон океандын эң терең болуп эсептелген Мариана кобулунун түбүнө чейин суу астында жүрүүчү Deepsea Challenger аппараты менен жеткен.Ошону менен Кэмерон Марина кобулунун түбүнө өзү жалгыз жеткен биринчи адам болгон, бирок жалпысынан, Марина кобулунун түбүнө түшкөндөрдүн арасынан үчүнчү болуп саналат.

Жалпысынан караганда, Кэмерондун режиссуралык иштери Түндүк Америкада 2 миллиардтай АКШ доллар чогулткан, ал эми дүйнө жүзү боюнча чогултуулары 6 миллиард долларга барабар. Режиссердун популярдуулугу түшпөгөн эки тасма: “Титаник” (2,19 миллиард доллар) жана “Аватар” (2,78 миллиард доллар) - эч бир заманда болуп көрбөгөн эң көп киреше чогулткан тасмалары болуп саналат. Ошондой эле, Кэмерон тарткан үч тасмалардын экөөсү дүйнө жүзү боюнча 2 миллиард доллардан ашык кирешеге ээ болгон. 2011-жылдын мартында Vanity Fair журналы 2010-жылдын кирешеси боюнча режиссерду “Голливудка эң көп киреше алып келген режиссер» деп атаган. 2013-жылдын октябрында режиссер айлана-чөйрөнүн маселелерине кабардар болуусуна күчүн жумшаганы үчүн жана веганчылыкты коомчулукка жайылтканы үчүн Венесуэла бакалардын Pristimantis jamescameroni жаңы түрү Кэмерондун атынан коюлган.

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Калып:Уикиказына