Аватар (тасма 2009)

Википедия дан
Аватар
Avatar

Аватар (англ. Avatar) тасмасынын постери
Жанры

илимий фантастика
экшен
драма
шумдуктуу

Режиссёру

Жеймс Кэмерон

Продюсери

Жеймс Кэмерон
Жон Ландау

Сценарийдин
автору

Жеймс Кэмерон

Башкы ролдордо

Сэм Уортиңтон
Зои Салдана
Сигурни Уивер
Стивен Лэнг
Мишел Родригес
Жованни Рибизи
Жоэл Мур

Оператору

Мауро Фиоре

Композитору

Анжело Бадаламенти
Жон Кейл
Брайан Ино

Кинокомпания

Америка Кошмо Штаттары Lightstorm Entertainment
Америка Кошмо Штаттары 20th Century Fox
Америка Кошмо Штаттары Dune Entertainment
Улуу Британия Ingenious Film Partners

Узактыгы

театрдык нускасы:
162 мүнөт.[1]
режиссёрдук нуска:
171 мүнөт.[2]

Бюджети

237 млн. доллар
+ 9 млн доллар (кайталанган сатыктан)[2]

Кирешеси

&&&&&02787965087.&&&&&02 787 965 087 доллар[3][4]

Өлкө

 АКШ[5][6]

Тили

Англисче

Жылы

2009

Кийинки тасма

Аватар: Суу жолу

IMDb

ID 0499549

«Аватар» (англ. Avatar, ЭФА: [ˈæv.ə.tɑɹ]) — 2009-жылы тартылган американын илимий фаниастикалык тасмасы.Сценарийи жана режиссёру Жеймс Кэмерон.

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2154-жыл. Мурунку моряк Жейк Салли кырсыкка кабылып, баса албаган майыпка айланат. Ал эми анын эгизи илим менен алек болуп, өзгөчө минералды табуу үчүн Пандора планетасына сапарга чыгуу алдында турган. Бирок сапарга чыгардын алдында капысынан каза болуп калып, окумуштуу бир тууганынын ордуна Жейкти учуруу зарылдыгы келип чыгат. Анткени аватар программасын генетикалык жактан жакын адамы гана башкара алмак. Жаңы аватарды түзгөнгө акча да, убакыт да жок болот. Ошентип, илимден эч кандай түшүнүгү жок майып экенине карабай, бөтөн планетага Жейкти жөнөтүшөт. Жейк болсо бутуна операция жасатып, кайра басууга акча табуу максатында макулдугун берет. Ошентип, Жейк Пандорада жашап, ал жактагы сырдуу жашоону өздөштүрө баштайт. Күндөрдүн биринде кезектеги изилдөө учурунда изилдөөчүлөргө жырткыч жаныбарлар кол салып, аскерлер Жейкти жалгыз таштап кетүүгө мажбур болушат. Жейктин жапайы токойдо аман калуу мүмкүнчүлүгү миллиондон бирөө болсо да, ал жалгыз мүмкүнчүлүгүн пайдалана алат. Тактап айтканда, аны нави уруусунун башчысынын кызы Нейтири куткарып калат. Экөөнүн жолугушуусу аягында сүйүү менен аяктайт. Ал эми Жерден келген экспедиция Пандоранын жашоочуларын жашаган жеринен күч менен кууп чыккылары келет. Анткени алар мекендеген жерде баалуу минералдар бар болот. Өзүн навилердин бири катары сезген Жейк кийин Пандора планетасынын коргоочусуна айланат. Натыйжада согуш чыгып, аягында, албетте, адилеттүүлүк келип чыгат. Жерден издеген бактысын Пандорадан тапкан Жейк түбөлүккө жердеги жашоосу менен коштошот.

Каармандарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адамдар

Актёр Роль
Сэм Уортингтон Жейк Салли Жейк Салли
Сигурни Уивер Грэйс Огустин доктор Грэйс Огустин «Аватар» программасынын башчысы
Стивен Лэнг Майлз Куоритч полковник Майлз Куоритч
Мишел Родригес Труди Чакон учкуч Труди Чакон
Жованни Рибизи Паркер Селфриж администратор Паркер Селфриж
Жоэл Мур Норм Спеллман илимпоз Норм Спеллман
Дилип Рао Макс Пател доктор Макс Пател

На’ви

Актёр Роль
Зои Салдана Нейтири Нейтири
Си Си Эйч Паундер Мо’ат Мо’ат Оматикай тең лидери жана Нейтиринин апасы
Лаз Алонсо Тсу’тей Тсу’тей Оматикай согушкери
Уэс Стюди Эйтукан Эйтукан Оматикай башчысы жана Нейтиринин атасы
Питер Менса Аквей Аквей
«Аватардын» актёрдук курамы солдон оңго: Сэм Уортингтон, Зои Салдана, Сигурни Уивер, Стивен Лэнг
«Аватардын» актёрдук курамы солдон оңго: Мишел Родригес, Жованни Рибизи, Жоэл Мур, Си Си Эйч Паундер жана Лаз Алонсо

Тасманын тартылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Аватар» тасмасы жогорку компьютердик технология менен мыкты актёрлук, режиссёрлук эмгек жуурулушкан бирден бир тасма. «Жаңы компьютердик дүйнөнү ачканы үчүн бул тасма кинематографияда революция жасады десек болот» дешет киносынчылар. Кэмерон буга чейин компьютердик технологияны «Терминатор-2де» жана «Титаник» тасмасында ийгиликтүү пайдаланса, «Аватар» тасмасында бул ыкманы укмуштай профессионалдуулук менен колдонгон. Тасманын 40 пайызын кадимки кино тарткандай тартышса, 60 пайызына компьютердик графиканын жардамын колдонушкан. Тасмада ар бир эпизодду туш тарабынан 197 камера тарткан.

Бала чагынан Пол Андерсендин фантастикалык чыгармаларын сүйүп окуган Кэмерон башка планетадагы жашоону тартууну кыялданып келген. Тасманын алгачкы сценарийи 1994-жылы жазылган. Бирок ошондо 144 беттен турган бул сценарийди тартып баштоо убагы келе элек болгон. Анткени ал кездеги компьютердик технология өнүгө элек мезгине дал келет. Ошентип, тасма тартууну 2006-жылы баштап, тасманы «Долбоор-880» деп атайт. Арадан 3 жыл өткөндөн кийин Кэмерондун кыялы ишке ашып, бүт өмүргө барабар болгон «Аватар» тасмасы 2009-жылы жарык көргөн.

Тасманын философиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ар бир тасмадай эле «Аватардын» да философиясы бар. Жердеги жашоодон эч нерсе таппай кеткен Жейк өзүнүн жашоодогу максатын, сүйүүсүн Пандорадан табат. Режиссёр Жеймс Кэмерон: «Пандорадагы жашоону ушунчалык сыйкырдуу кылып тартууну максат кылдым. Анткени кинону көргөн соң адамдар «биз өзүбүз жашаган дүйнөбүздү эмне кылып алдык?» деген суроону өздөрүнө берсе деп максат кылгам. Анткени башаламандык ээлеген биздин чөйрөбүздөн адамдар өзүн-өзү таба албай келет»,- деп айткан. Ошондой эле тасмада акырындык менен адамзат өзү жасаган дүйнөнү өзү жок кылып коёру кыйыр эскертилген.

Эскертмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. BBFC rating and classification details for Avatar (англ.) (7 December 2009). — «Feature Film. Classified 07 December 2009. Run Time 161m 35s»  Текшерилген күнү 26 -август (баш оона) 2010. Түп булактан архивделген күнү 8 -июнь (кулжа) 2012.
  2. 2.0 2.1 James Wigney. Avatar director slams bandwagon jumpers (англ.). Herald Sun (15 August 2010). Текшерилген күнү 16 -август (баш оона) 2010. Түп булактан архивделген күнү 8 -июнь (кулжа) 2012.
  3. Box Office Mojo
  4. Avatar (англ.). The-Numbers. Nash Information Services. Текшерилген күнү 27 -март (жалган куран) 2011. Түп булактан архивделген күнү 8 -июнь (кулжа) 2012.
  5. Philip French. Avatar was the year's real milestone, never mind the results (англ.). London: The Guardian (14 March 2010). Текшерилген күнү 8 -март (жалган куран) 2012. Түп булактан архивделген күнү 8 -июнь (кулжа) 2012.
  6. Rich Johnston. Review: AVATAR — The Most Expensive American Film Ever... And Possibly The Most Anti-American One Too (англ.). Bleeding Cool (11 December 2009). Текшерилген күнү 8 -март (жалган куран) 2012. Түп булактан архивделген күнү 8 -июнь (кулжа) 2012.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Жеймс Кэмерондун тасмалары