Сигурни Уивер

Википедия дан

Сузан Александра «Сигурни» Уивер (англ. Sigourney Weaver;1949-жылы 8-октябрда туулган) — америкалык актриса жана продюсер. «Энни Хол» (1977) тасмасындагы кичинекей образы менен дебют жасагандан кийин ал 1979-жылы тартылган «Чоочун» тасмасында башкы ролдогу Эллен Риплинин образын жаратуу менен тез эле таанымал боло баштаган. Ал өз ролун бул тасмасынын уландысы болгон үч тасмада кайра аткарган. Алар: «Чоочундар» (1986), бул ролу үчүн Оскардын «Эң мыкты актриса» наамына көрсөтүлгөн; «Чоочундар 3» (1992) жана «Чоочун: Кайра жаралуу» (1997). Ошондой эле ал кассалык жыйымдар боюнча эң алдыңкы көрсөткүчө жеткен «Арбак аңчылары» (1984), «Арбак аңчылары 2» (1989) жана «Аватар» (2009) тасмаларындагы ролдору менен да белгилүү.

Уивер 1980-жылы Офф-Бродвейдеги «Das Lusitania Songspiel» спектакли үчүн «Драма Деск» сыйлыгына жана 1984-жылы Бродвейдеги «Hurlyburly» спектакли үчүн «Тони» сыйлыгына көрсөтүлгөн. Ал жети жолу «Алтын глобус» сыйлыгына көрсөтүлүп, 1988-жылы жарык көргөн «Тумандагы гориллалар» жана «Иштерман кыз» тасмаларындагы эмгеги үчүн «Эң мыкты актриса — драма» жана «Эң мыкты экинчи пландагы актриса» номинацияларын жеңип алган. Ал бир эле жылда «Алтын глобустун» эки наамына татыган алгачкы актриса болуп калган. Аталган тасмалар менен ал «Оскар» сыйлыгына да көрсөтүлгөн.

1997-жылы жарык көргөн «Муз бороон» тасмасында аткарган ролу үчүн ал «БАФТАнын» «Экинчи пландагы эң мыкты актриса» наамын утуп алган. Ага кошумча, «Эмми» сыйлыгынын үч номинациясына көрсөтүлүп, «Сатурн» сыйлыгынын эки жолу жеңип алган.

Уивер илимий-фантастикалык тасма тарыхына кошкон көптөгөн салымы үчүн «Скай-фай ханышасы» деген каймана атка да ээ болуп калган. Ал образдарды жараткан башка көрүнүктүү тасмалар «Галактиканы издеп» (1999), «Футурама» (2002), «Валл-и» (2008), «Пол» (2011), «Токойдогу чарбак» (2012), «Дорини издеп» жана «Макулуктун үнү» (экөө тең 2016-жылы тартылган) болуп саналат. Ал «Ваня жана Соня жана Маша жана Спайк» спектаклинде роль жаратуу менен Бродвей театрына 2013-жылы кайра кайтып барган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]