Сэм Уортиңтон

Википедия дан
Сэм Уортиңтон
англ. Sam Worthington

Сэм Уортиңтон, 2013-жылы
Төрөлгөндөгү ысымы:

Сэмүел Генри Жон Уортиңтон

Туулган датасы:

2-август 1976 (46 жашта)

Туулган жери:

Годалминг, Суррей, Улуу Британия

Жарандыгы:

Австралия

Кесиби:

Актёр

Карьерасы:

2000–а.у.

Үй-бүлөсү

Лара Бингл (Жубайы)

IMDb:

ID 0941777

Сэмүел Генри Жон Уортиңтон (англ. Samuel Henry J. Worthington; 2-август 1976-жылы, Годалминг, Суррей, Улуу Британия) — австралиялык актер. Ал "Call of Duty: Black Ops" сериясындагы видео оюндардагы башкы каарман Алекс Масондун ролун аткарган. Ал 2009-жылы тартылган "Аватар" (англ. Avatar) тасмасындагы башкы каарман Жэйк Саллинин, "Терминатор куткаруучуда" (англ. Terminator Salvation) Маркус Райттын, "Титандардын согушунда" (англ. Clash of the Titans) жана анын уландысы "Титандардын каарында" (англ. Wrath of the Titans) Персейдин ролдорун аткарган. Андан кийин "Эверест" (англ. Everest, 2015), "Абийирдин үстөмдүгү" (англ. Hacksaw Ridge, 2016) жана "Алачык" (англ. Shack, 2017) сыяктуу драма тасмаларына тартылган.

2004-жылы Уортиңтон "Сальто" тасмасында башкы каармандын образын жаратканы үчүн Австралиянын кино жаатындагы эң жогорку сыйлыгына арзыган. Ал аз бюджеттүү болгон ар кандай тасмаларда башкы ролдорду аткарып, андан кийин романтикалык драма, комедиялык драма жанрынан илимий фантастикалык жана экшн багытындагы студиялык кинофильмдерге тартылып калган.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сэм Уортиңтон Түштүк-Чыгыш Англиядагы Годалмингде, Суррей, англис ата-энесинде төрөлгөн жана алты айлык кезинде Батыш Австралиянын Перт шаарына көчүп барган. Ал Рокингемдин чет жакасындагы Уорнбродо чоңойгон. Апасы Жанна Ж. (кыз аты Мартин) үй кожойкеси, ал эми атасы Рональд В. Уортиңтон электр станциясынын кызматкери.[1] Анын Лусинда аттуу карындашы бар.[2]

Ал Батыш Австралиянын Фремантл шаарында жайгашкан Иоанн Кертин атындагы искусство коллежде окуган, бирок ал жерден драманы окуган, бирок бүтүргөн эмес. Колледжден чыкканда атасы ага 400 доллар берип, "үйгө кайт" деп Квинсленд штатындагы Кэрнс шаарына бир тараптуу сапарга жөнөтөт. Ал курулушта жана кызыксыз жумуштарда иштей баштаган, акыры Сиднейде отурукташкан. 19 жашында кыш кыноочу болуп иштеп жүргөндө Улуттук драмалык искусство институтуна сынактан өтүп, стипендия менен кабыл алынган.[3]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сэм Уортиңтон жана жубайы Лара Уортиңтон, 2014-жыл

Сэм Уортиңтон 30га чыкканда мүлкүнүн көбүн сатып, анын атына 2000 доллардын тегерегинде акча тапканын айтты. Ал түшкөн акчага унааны сатып алганын жана «Аватарга» кастингден өткөнгө чейин ошол унаада жашап жүргөнүн айтат.[4][5]

2013-жылдын 18-октябрында Уортиңтон австралиялык модель Лара Уортиңтон менен мамилеси тууралуу имиштерди тастыктаган.[6][7] Алар 2014-жылы 28-декабрда баш кошуп, 2015-жылы Рокет Зот аттуу уулдуу болушкан.[8] 2016-жылы Бингл менен Уортингтондун экинчи уулу Расер болгон.[9] 2020-жылы түгөйлөр үчүнчү уулу Ривер төрөлгөнүн жарыялашкан.[10]

Уортиңтон машаякчы.[11] Ал айыгып келе жаткан алкоголдук жана 2014-жылдан бери сергек. Ал Аватар жарыкка чыккандан кийин популярдуулугу жогорулагандан кийин жеке турмушун жоготуу менен күрөшүү үчүн катуу ичип баштаган жана аялы Лара ага ультиматум койгондон кийин токтоткон.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://www.dailytelegraph.com.au/entertainment/movies/avatar-first-reviews/story-e6frexli-1225809445878
  2. https://www.telegraph.co.uk/culture/film/9041850/Sam-Worthington-on-Man-on-a-Ledge.html
  3. https://web.archive.org/web/20091008015655/http://screencrave.com/2009-05-21/sam-worthington-interview-for-terminator/
  4. https://www.hulu.com/watch/116108/the-jay-leno-show-sam-worthingtons-avatar-clip-and-car-crash(жеткиликсиз шилтеме)
  5. https://entertainment.gaeatimes.com/2009/12/25/i-was-living-in-my-car-before-avatar-sam-worthington-2-73823/
  6. https://www.heraldsun.com.au/news/lara-bingle-and-sam-worthington-fuel-rumours-of-a-hot-new-couple/story-fni0fiyv-1226742291514
  7. https://www.heraldsun.com.au/news/lara-bingle-and-sam-worthington-fuel-rumours-of-a-hot-new-couple/story-fni0fiyv-1226742291514
  8. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 23 -декабрь (бештин айы) 2022. Түп булактан архивделген күнү 21 -июль (теке) 2016.
  9. https://www.nowtolove.com.au/celebrity/celeb-news/confirmed-lara-and-sam-worthington-welcomes-second-son-24372
  10. https://www.vogue.com.au/celebrity/interviews/lara-worthington-confirms-shes-pregnant-with-her-third-child-and-its-a-boy/news-story/ec5791a9eaa6cdf00d72ae1c59d39575
  11. https://www.christianpost.com/news/actor-sam-worthington-the-shack-relationship-god-interview-176567/