Мазмунга өтүү

Терминатор 2: Акыр заман

Википедия — ачык энциклопедия
Терминатор 2: Акыр заман
РежиссеруЖеймс Кэмерон
ПродюсерЖеймс Кэмерон
Жазуучу
ОператоруАдам Гринберг
Тартылгандар
МузыкасыБрэд Фидел
Редактору
ЖайылтуучуTriStar Pictures
Чыккан жылы
  • июль 1, 1991 (1991-07-01) (Los Angeles)
  • июль 3, 1991 (1991-07-03) (АКШ)
Узактыгы137 мүн.[1]
Өлкөсү АКШ
ТилиАнглис
Бюджети$102 млн[2]
Киреше$519.8 млн[2]

"Терминатор 2: Акыр заман" (англ. Terminator 2: Judgment Day, орус. Терминатор 2: Судный день, Терминатор 2 же Т2 деген аталыш менен да белгилүү) - 1991-жылы Жеймс Кэмерон тарткан, өндүргөн жана биргелешип жазган америкалык илимий-фантастикалык тасма. Тасмага тартылгандар: Арнолд Шварценеггер, Линда Хамилтон, Роберт Пэтрик жана Эдуард Фөрлиң. Бул 1984-жылкы "Терминатор" тасмасынын уландысы жана "Терминатор" тасмаларынын 2-чыгарылышы. "Терминатор 2" Сара Коннор (Хамилтон) жана анын 10 жашар баласы Жон (Фөрлиң) окуясын улантат. Келечекте машинага каршы туруучу адамзаттын лидери боло турган Жон Коннорду өлтүрүү үчүн жаңы, абдан өнүккөн суюк металдан турган, Т-1000 моделиндеги Терминатор келечектен жөнөтүлөт. Азыраак өнүккөн Терминатор (Шварценеггер) бул жолу Жонду коргоо үчүн жөнөтүлөт.

Тасма 1991-жылы 3-июлда АКШнын Эгемендүүлүк күнүндө жарыкка чыккан. "Терминатор 2" киносынчылардын элегинен ийгиликтүү өтүп, тасмада визуалдык таасир колдонууну жайылтуу менен ийгиликтүү сатылган. Оскардын "Эң мыкты үн монтажы, үнү, макиажы жана визуалдык таасир" сыйлыктарын утуп алган. 1991-жылдын жана Шварценеггердин карьерасындагы эң көп киреше алып келген тасма "AFI" ж.б. басылмалар тарабынан эң мыкты уруш тасмасы, илимий-фантастикалык тасма жана уланды тасма деп табылган.

Тартылгандар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. Terminator 2 Judgment Day. British Board of Film Classification. Текшерилген күнү 4 -декабрь (бештин айы) 2013.
  2. 2.0 2.1 Terminator 2: Judgment Day (1991). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 30 -сентябрь (аяк оона) 2011.