Мазмунга өтүү

Бөтөндөр

Википедия — ачык энциклопедия
Бөтөндөр
РежиссеруЖеймс Кэмерон
ПродюсерГейл Анна Херд
СценарийиЖеймс Кэмерон
ОператоруЭдриан Биддл
НегизиндеПерсонаждар
автору: Дэн О`Бэннон
Роналд Шусетт
Тартылгандар
МузыкасыЖеймс Хорнер
РедакторуРэй Лавжой
Жайылтуучу20th Century Fox
Чыккан жылы
  • июль 18, 1986 (1986-07-18)
Узактыгы137 мүн.[1]
Өлкөсү АКШ[2][3]
ТилиАнглис
Бюджети$17–18 млн[4][5]
Киреше$131.1–183.3 млн[4][6]

"Бөтөндөр" (англ. Aliens, орус. Чужие) — 1986-ж. жарыкка чыккан, АКШнын илимий-фантастикалык коркутма тасмалардын бири. Тасманын сценарийин жазган жана койгон режиссер - Жеймс Кэмерон, продюсери - Гейл Анна Херд. Башкы каармандарды аткаргандар: Сигурни Уивер, Майкл Бин, Пол Райзер, Лэнс Хенриксен жана Бил Пэкстон. Тасма 1979-ж.жарыкка чыккан "Бөтөндөр" тасмасынын экинчиси жана дал ушул аталамадагы тасманын франшизасы. Тасма башкы каарман Эллен Рипли (Сигурни Уивер) экипажы менен планетага кайтканда, бул жолу аны Бөтөн жандыктар космостук флоттун коштоосунда кастык менен тосуп алганы тууралуу баяндайт. Бөтөндөр тасмасынын сценарийи Вьетнам согушунун тассири астында, түпнуска "Бөтөндөн" айырмаланып, согуш киносуна сымал жазылган.

"Бөтөндөр" дүйнө жүзү боюнча $180 млн киреше чогулткан.[4] Тасма Оскар сыйлыгынын жети номинациясында ат салышып, "Эң мыкты актриса (Сигурни Уивер)", "Эң мыкты үн эффекттерин монтажы" жана "визиалдык эффектер" сыйлыктарын жеңген. Сегиз Сатурн сыйлыгына, анын ичинде, "Эң мыкты илимий-фантастикалык тасма", "Эң мыкты актриса" (Сигурни Уивер), "Эң мыкты сценарий жана режиссер" (Кэмеронго) татыган. "Бөтөндөр" өз жанрындагы эң мыкты тасмалардын бири болуп эсептелет.

1992-жылы "Бөтөн 3" чыкканда, Сигурни Уивер Эллен Риплинин ойносо, Лэнс Хенриксен Бишопту аткарган.


Тартылгандар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. Aliens. British Board of Film Classification. Текшерилген күнү 15 -декабрь (бештин айы) 2014.
  2. Aliens. American Film Institute. Текшерилген күнү 23 -октябрь (тогуздун айы) 2015.
  3. Aliens. Lumiere Database. Текшерилген күнү 23 -октябрь (тогуздун айы) 2015.
  4. 4.0 4.1 4.2 Aliens - Box Office Data, DVD and Blu-ray Sales, Movie News, Cast and Crew Information. The Numbers. Текшерилген күнү 15 -декабрь (бештин айы) 2014. Түп булактан архивделген күнү 2 -декабрь (бештин айы) 2014.
  5. PabloKjolseth Aliens. Turner Classic Movies. Текшерилген күнү 24 -декабрь (бештин айы) 2014.
  6. Aliens (1986). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 15 -декабрь (бештин айы) 2008.