Мазмунга өтүү

Бөтөн

Википедия — ачык энциклопедия
Бөтөн
РежиссеруЖеймс Кэмерон
ПродюсерГейл Анна Херд
СценарийиЖеймс Кэмерон
ОператоруЭдриан Биддл
НегизиндеПерсонаждар
автору: Дэн О`Бэннон
Роналд Шусетт
Тартылгандар
МузыкасыЖеймс Хорнер
РедакторуРэй Лавжой
Жайылтуучу20th Century Fox
Чыккан жылы
  • 1979 (1979)
Узактыгы137 мүн.[1]
Өлкөсү АКШ[2][3]
 Улуу Британия
ТилиАнглис
Бюджети$17–18 млн[4][5]
Киреше$131.1–183.3 млн[4][6]

"Бөтөн" (англ. Alien) ― 1979-жылы Ридли Скот тарткан британия-америкалык илимий-фантастикалык коркунучтуу тасма. Тасмага тартылгандар: Том Скерритт, Сигурни Уивер, Вероника Картрайт, Харри Дин Стантон, Жон Хөрт, Йен Холм жана Яфет Котто. Тасма абдан албуут башка планеталык жандык космикалык кемени сүзүп, андагы адамдарды өлтүргөнү жөнүндөгү окуяны баяндайт. Дэн О'Бэннон жана Роналд Шусетт буга чейинки илимий-фантастикалык жана коркунучтуу эмгектерине негиздеп сценарий жазышкан.

"Бөтөн" киносынчылардын сынынан ийгиликтүү өтүп, ийгиликтүү сатылган. Ошондой эле "Эң мыкты визуалдык эффект" үчүн Оскар сыйлыгын, "Эң мыкты илимий-фантастикалык тасма", "Эң мыкты режиссура" (Скот) жана "Эң мыкты экинчи пландагы актриса" (Картрайт) үчүн Сатурн сыйлыгын жана "Эң мыкты коюлган тасма" үчүн "Hugo" сыйлыгын утуп алган. Мындан башка да көптөгөн сыйлыктардын наамына көргөзүлгөн. Тасма ондогон жылдар бою бардык мезгилдин эң мыкты тасмаларынын бири деп макталып турган. 2002-жылы АКШ Конгрессинин китепканасы тасманы "маданий, тарыхый же эстетикалык баалуу" деп Улуттук кино реестринде сактоо үчүн тандап алган. 2008-жылы "AFI" илимий-фантастика жанрындагы эң мыкты 7-тасма деп тандап алган, ал эми "Empire" журналы бардык мезгилдеги эң мыкты 33-тасма деп тандаган. Тасманын ийгилиги тасманын роман, комикс, видео оюн жана оюнчуктардын чыгышына түрткү болгон.

Тартылгандар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. Aliens. British Board of Film Classification. Текшерилген күнү 15 -декабрь (бештин айы) 2014.
  2. Aliens. American Film Institute. Текшерилген күнү 23 -октябрь (тогуздун айы) 2015.
  3. Aliens. Lumiere Database. Текшерилген күнү 23 -октябрь (тогуздун айы) 2015.
  4. 1 2 Aliens - Box Office Data, DVD and Blu-ray Sales, Movie News, Cast and Crew Information. The Numbers. Текшерилген күнү 15 -декабрь (бештин айы) 2014. Түп булактан архивделген күнү 2 -декабрь (бештин айы) 2014.
  5. PabloKjolseth Aliens. Turner Classic Movies. Текшерилген күнү 24 -декабрь (бештин айы) 2014.
  6. Aliens (1986). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 15 -декабрь (бештин айы) 2008.