Серб-хорват тили

Википедия дан
Серб-хорват тили (2006) —      Серб тили      хорват тили      босний тили      черногориялык тили

Серб-хорват тили - сербдердин, хорваттардын, черногориялыктардын жана мусулман боснийлердин тили.

Славян тилдерин түштүк тобуна кирет. Штокав, чакав, кайкав деген үч негизги диалектиси бар. Эң байыркы жазма эстелиги 12-кылымга таандык. Азыркы адабий тили 19-кылымдын биринчи жарымында штокав диалектисинин элдик говорлорунун негизинде калыптанган. Серб-хорват тили эки алфавит колдонот: орус азбукасы сымал кириллица жана реформаланган латын алфавити - латиница.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9