Хорваттар

Википедия дан

Хорваттар (өздөрүн хрвати, эскиче кроамттар дешет) - түштүк славян эли, Хорватия Республикасынын негизги калкы.

Хорватия, Босния, Герцеговина, Сербия, Черногория, Румыния, Словакия, Словения, Чехия, ошондой эле Австралия, Австрия, Аргентина, Боливия, Бразилия, Венгрия, Германия, Италия, Канада, Жаңы Зеландия, Перу, АКШ ж. б. өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны 5,53-6,9 млн, а. и. Хорватияда - 4 млн, Босния жана Герцеговинада - 650 миң (2006). Хорват тилинде сүйлөшөт. Негизги дини - католик. Хорваттар боснийликтер, буневдиктер, горандыктар, яневдиктер, крашовандар, македондуктар, торладыктар, шоктуктар, сербдер, черногордуктар, түндүк жана түштүк славяндар ж. б. субэтностордон жана тектеш элдерден турат. Хорваттардын ата теги - 6-7-кылымдарда Сав жана Драв өзөндөрүнүн ортосуна, ошондой эле Адриатика деңизинин жээктерине жер которуп келишкен качичей, шубичей, свачичей ж. б. славян уруулары. 19-кылымдын 1-жарымында хорват улуту калыптанган. Негизги кесиби - дыйканчылык, мал чарбачылык, бакчачылык, жүзүм өстүрүү жана балык уулоо. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Салттуу кийими - аялдары оймо-чиймеленген туника еымал көйнөк, жеңсиз кемсел, бүйүрмөлүү кенен юбка, плащ кийип, алжапкыч тагынат, белине кур курчанат. Эркектери туника сымал көйнөк, узун ыштан, желет, плащ кийип же жамынма жамынып, бутуна өтүк, майрам күндөрү саймаланып, монета менен кооздолгон кийимдерди кийишет. Тамак-ашы негизинен дан, жүгөрү, картошка, жашылча жана сүт азыктары.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4