Силлогистика

Википедия дан

Силлогистика – субъектилик – предикативдик түзүлүштүн айтымына таянган дедуктивдик тыянак чыгаруунун теориясы: S – бул Р (S – логикалык ээ, же субъект, Р – логикалык баяндооч, же предикат).

Силлогистикада бир же бир нече айтымдан – көрсөтүлгөн түзүлүштүн өбөлгөлөрүнөн, жаңы айтым – корутунду келип чыгууга тийиш болгон жалпы шарттар аныкталат. Корутунду бир гана өбөлгөдөн келип чыкса, ал түздөн – түз Силлогистикалык натыйжага ээ; эгер корутунду эки өбөлгөдөн келип чыкса, анда ал – чындыгында силлогизм; эгер корутунду бир нече өбөлгөлөрдөн келип чыкса, анда ал – көп силлогизм, же сорит (чынжырлуу топ). Силлогистиктерди алгачкылардан болуп Аристотель иштеп чыккан да, тарыхый жактан дедуктивдүү ой жүгүртүүнүн биринчи логикалык теориясы болуп, кийин формалдык логиканын негизин түзгөн. Силлогистикага караганда бир кыйла жалпы логикалык системаны математикалык логика иштеп чыкты. Аристотель тарабынан коюлган модулдук Силлогистиканын маселелери бүгүнкү күнгө чейин аз изилденген боюнча калууда.

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]