Симоносеки келишими

Википедия дан

Симоносеки келишими (1895) япон-кытай согушунан (1894-1895) кийин Япония менен жеңилген Кытай ортосунда 17-апрелде Симоносеки шаарында түзүлгөн.

Симоносеки келишими боюнча Кытай өз бийлигиндеги түпкү көз карандысыздыгын таанып, Японияга Тайвань (Формоза) аралын, Пэнхуледао аралдарын жана Ляодун жарым аралын берип, 200 млн лян контрибуция төлөгөн.

Япондорго Кытайда соода үчүн бир нече порт ачып, өнөр жай ишканаларын курууга укук берген. Бул Кытайга чет элдик капиталдын киришине шарт түзгөн.

Келишим түзүлгөн соң Россия, Германия жана Франциянын нааразылыгынан улам Япония Ляодун жарым аралыннан баш тартып, бирок контрибуцияны дагы 30 млн лянга көбөйткөн.

Симоносеки келишими Кытайдын жарым колонияга айланышында негизги этап болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.