Скайфолл

Википедия дан

"Скайфолл" (англ. Skyfall, орус. 007: Координаты «Скайфолл»)- "Eon Productions" тарткан жана 2012-жылы чыккан "Жеймс Бонд" тасмасынын 23-чыгарылышы. Тасмада Дэниел Крейг "Жеймс Бонддун" ролун 3-жолу аткарган, ал эми Хавиер Бардем терс каарман Рауль Силванын ролун аткарган. Тасманын режиссёру Сэм Мендес жана сценарийин жазгандар Нил Пөрвис, Роберт Вейд жана Жон Логан.

Тасмадагы негизги окуя Бонддун МI6дагы кол салууну изилдөөсүн баяндайт. M Силвага чыккынчылык кылгандыгы үчүн анын беделин түшүрүп, шерменде кылып, анан өлтүрүп өчүн алгысы келген, MI6нын мурунку агенти Рауль Силванын кол салуу аракет чагылдырат.

"Скайфолл" алгачкы жолу 2012-жылы, 23-октябрда Лондондогу "Royal Albert Hall"до көрсөтүлгөн. Тасманы киносынчылар жылуу кабыл алышып, өзгөчө Крейг менен Бардемдин аткаруусуна, Денчтин сценарийди жазып жана операторлук ишине, Мендестин режиссёрлук ишине, Томас Нюмендин музыкасына жана экшн бөлүмдөрүнө жогору баа беришкен. Бул дүйнө жүзү боюнча бир миллиард доллардан ашуун киреше тапкан 14-тасма болгон. Тасма чоң алкышка ээ болуп эки "BAFTA", эки "Оскар" жана эки "Алтын Глобус" сыйлыктарын жеңип алган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]