Хавиер Бардем

Википедия дан

Хавиер Ангел Энчинас Бардем (англ. Javier Bardem;испанча айтылышы: [xaβjer βarðen]; 1969-жылдын 1-мартында туулган) - испан актеру. Бардем бир тууган Коэндер тарткан "Улгайгандарга жай жок" (англ. No Country for Old Men, 2007) деген тасмада Антон Чигурдун ролу үчүн "Экинчи пландагы эң мыкты актер" номинациясында Оскар сыйлыгын алган. Актер "Тең теңи менен" (исп. Jamón, jamón), "Төрөт" (исп.Carne trémula), "Ооздон оозго" ( исп.Boca a boca), "Күнөстүү ар дүйшөмбү" (исп. Los Lunes al sol), "Эвтаназия"(исп.Mar adentro) тасмаларында ойноп ийгиликке жеткен, "Скайфолл" (англ. Skyfall) тасмасындагы ролу үчүн Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын сыйлыгын жана АКШ киноактерлор Гильдиясынын сыйлыгын "Экинчи пландагы эң мыкты актер" номинациясында алган.

Бардем Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын сыйлыгын жана АКШ киноактерлор Гильдиясынын сыйлыгын, беш жолу "Гойя" сыйлыгын, эки жолу Европа киноакадемия сыйлыгын, эл аралык Канн фестивалынын "Эң мыкты актер" номинациясын, Венеция кинофестивалынын атайын «Volpi Cup» сыйлыгын эки жолу уткан. Ал "Оскар" сыйлыгына "Эң мыкты актер" номинациясында "Түн кире электе" (англ. Before Night Falls, 2000) тасмасындагы ролу үчүн талапкер болгон биринчи испан актеру жана биринчи болуп испан актерлорунун арасынан "Оскар" сыйлыгын уткан. Ал "Бьютифул" (исп. Biutiful) тасмасындагы ролу үчүн үчүнчү жолку "Оскар" сыйлыгына жана ушул сыйлыктын "Эң мыкты актер" номинациясына экинчи жолу көрсөтүлгөн.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]