Мазмунга өтүү

Улгайгандарга жай жок

Википедия — ачык энциклопедия
Улгайгандарга жай жок
РежиссеруАга-ини Коэндер
Продюсер
Сценарийи
  • Жоел Коэн
  • Этан Коэн
ОператоруРожер Дикинс
НегизиндеУлгайгандарга жай жок
автору: Кормак Маккарти
Тартылгандар
МузыкасыКартер Бөруэлл
РедакторуАга-ини Коэндер
Жайылтуучу
Чыккан жылы
  • май 19, 2007 (2007-05-19) (Канн)
  • ноябрь 9, 2007 (2007-11-09) (АКШ)
Узактыгы122 мүн.
Өлкөсү АКШ
ТилиАнглис
Бюджети$25 млн
Киреше$171.6 млн

«Улгайгандарга жай жок» (англ. No Country for Old Men, орус. Старикам тут не место) - 2007-жылы Америкада жарык көргөн нео-вестерн неонуар триллер жанрындагы тасма. Ал Кормак Маккартинин ушул эле аталыштагы романына негизделип, сценарийи бир тууган Коэндер тарабынан жазылып, тартылган. Мышык-чычкан драмасында Томми Ли Жонс, Хавер Бардем жана Жош Бролин башкы каармандарды ойношкон. Тасмада техастык ширетүүчү менен Вьетнам согушунун ардагеринин окуясы көрармандарды 1980-жылдагы чыгыш Техаска жетелейт. Тагдыр, абийир жана кырдаал темаларын камтыган тасма бир тууган Коэндердин мурдагы Жөн эле кан (1984) жана Фарго (1996) тасмаларында да ачылып берилген.

«Улгайгандарга жай жок» алгачкы жолу 2007-жылдын 19-майында Канн кино фестивалындагы сынакта экранга чыккан. Тасма 80-Оскар сыйлыгынын төрт номинациясы — "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты режиссёр", "Экинчи пландагы мыкты актёр" жана "Мыкты ылайыкташтырылган сценарий" — боюнча жеңүүчү деп табылган. Ошондой эле, тасма "Мыкты режиссёр номинациясы" менен катар Британия киноакадемиясынын үч сыйлыгына жана Алтын глобустун эки сыйлыгына татыган. Америка кино институту фильмди АКИнин жыл тасмасы деп атап, ал эми АКШнын Улуттук кино сынчылар кеңеши тарабынан «Улгайгандарга жай жок» 2007-жылдын мыкты тасмасы деп табылган.

Тартылгандар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]