Томми Ли Жонс

Википедия дан

Томми Ли Жонс (англ. Tommy Lee Jones;1946-жылдын 15-сентябрында туулган) - америкалык актер жана режиссер. Ал төрт жолу “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлүп, аны “Экинчи пландагы эң мыкты актер” номинациясында “Качкын” (англ. The Fugitive, 1993) триллеринде маршалл Самүэл Герарддын ролу үчүн алган.

Актер “Жалгыз көгүчкөн” (англ. Lonesome Dove) телевизиондук кыска сериалында Вудро Ф. Коллдун , “Кара кийимчен адамдар” (англ. Men in Black) кинолор сериясында агент K (Кейдин) ролун жараткан. “Улгайгандарга жай жок” (англ. No Country for Old Men ) аттуу триллерде шериф Эд Том Беллдин (англ. Sheriff Ed Tom Bell) , “Түбөлүктүү Бэтмен” (англ. Batman Forever) тасмасында эки жүздүү Харви Денттин, “Туткундоо” (англ. Under Siege) тасмасынде террорист Уильям Стрэнниктин, “Үйдүн кожоюну” (англ. Man of the House) комедиясында техастык рейнжердин (тартип сакчысы) ролун аткарган, өзү режиссер болгон Үч кабыр” (англ. The Three Burials of Melquiades Estrada) тасмасынде Пит Перкинстин ролдорун ойногон. “Капитан Америка: Алгачкы өч алгыч” (англ. Captain America: The First Avenger) тасмасынде полковник Честер Филлипстин , “Жейсон Борн” (англ. Jason Bourne) боевик тасмасында Роберт Дүинин, “Тубаса канкорлор” (англ. Natural Born Killers) тасмасынде Дуайт Маккласкинин ролдорун ойногон Ошондой эле Томми Ли Жонс бизнесмен Хоувард Хүздүн, конгрессмен Фадеүс Стивенстин өлүм жазасына тартылган канкор Гэри Марк Гилмордун, америкалык армиянын генералы Дүглас Макартурдун, “Шахтердун кызы” (англ. Coal Miner's Daughter) тасмасынде Лоретта Линндин жубайы Оливер Линндин,атактуу бейсбол оюнчусу Ту Кобдун дагы тасмалардагы бейнесин чагылдырган.

Актердук чыгармачылыктын башатында “Алты жылдык жалгыз өмүр” (англ. One Life to Live for six years) сериалында доктор Марк Толанддын ролу ага атак алып келген.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]