Склеродермия

Википедия дан
Системалык склеродермия

Склеродермияколлаген ооруларына кирүүчү өнөкөт оору.

Оору тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мында тери жана ага жанаша жаткан ткандар, ички органдар катуу берчке айланат. Бул оору менен ар кандай жаштагылар, көбүнчө 20 — 50 жаштагы аялдар ооруйт. Оорунун себеби толук аныктала элек. Инфекция, механикалык жана психикалык травма, үшүк алуу, нерв жана эндокрин системасынын бузулушу ооруга түрткү бериши мүмкүн.

Түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Склеродермия

  • чектелген,
  • диффузиялуу жана
  • системалуу болуп бөлүнөт.

Чектелген склеродермия[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чектелген склеродермия акырындык менен билинбей өөрчүп, оорулууну эч нерсе тынчсыздандырбайт. Башталышында тери шишигени байкалат, бир нече жума өткөн соң тери катууланып, түрдүү өлчөмдөгү так пайда болот, кер сары тартып, жалтырап, пил сөөгүнө окшоп калат. Кээде ооруган жер кылыч чапкандай сызыкчага окшойт, булар чеке менен бетте болот. Терини бырыштыра кармоого мүмкүн эмес, жабыркаган жер жыгачтай катуу жана муздак болуп калат, андан кийин тери жукарып, бырыштары жазылып, өңү агарып, кагаздай көрүнөт.

Диффузиялуу склеродермия[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Диффузиялуу склеродермия бетти, бут-колду, денени жабыркатат. Ал жер катууланып, шишийт, атрофияланат (жансызданат), бет маскага окшоп калат, манжалар жумулбайт, кыймылдабайт (склеродактилия).

Системалуу склеродермия[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Системалуу склеродермияда оорулуунун абалы начарлап, денеси ысып, уйкусу бузулат, тамакка табити тартпай, муундары ооруйт. Чачы менен тырмактарынын түрү өзгөрөт. Адамдын кыймылы начарлайт, оозу, тамагы, кызыл өңгөчү оорушу мүмкүн. Тамак ичүү жана жутуу кыйындайт. Мындай оору менен ооруган адам үстүнө оор чопкут кийгендей сезет. Оорулуунун ички органдары (ичегикарын, жүрөк, өпкө, бөйрөк), сөөк, муундары жабыркап, арыктайт.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Склеродермиянын бардык түрүн дарылоо ооруканада гана жүргүзүлөт. Антибиотиктер, витаминдер, ар кандай гормон каражаттары, укалоо, физиопроцедуралар, курорт, санаторийде дарылануу сунуш кылынат. Оорулуулар үчүн өздөрүнө ылайыктуу үй-тиричилик жана эмгек талап кылынат. Ооруну башталганда дарылоо натыйжалуу болот. Ал дайыма врачтын көзөмөлүндө болууга тийиш.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8