Согончок текөөрү

Википедия дан
Согончок текөөрү

Согончок текөөрү — согончок сөөгүндө өсүп чыккан өсүндү.
Көп учурда жалпак тамандуулук өтө күчөп кеткенде, согончоктун сөөк чели, анын булчуң жана байламталары жабыркаганда болот. Бийчилерде, күлүк спортсмендерде көп жолугат. Кээде грипп, ангина, ириңдетүүчү инфекция, подаградан кийин болушу мүмкүн. Согончок текөөрү өсүп кеткенде согончок бастырбай өтө катуу ооруйт. Ал катуу ооругандыктан бутунун учу менен же бут кетменинин кыры менен басат. Көпчүлүк мындай оорулуу кишилерге таяк же балдак менен басууга туура келет.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарылоодо атайын согончогу тешик батектер колдонулат. Жылуу ванна, бут кетменин жана шыйрак булчуңдарын чыңдоочу массаж сунуш кылынат. Ар кандай дарылар менен дарылоо жардам бербесе согончок текөөрүн хирургиялык жол менен алып салууга туура келет.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8