Сократ

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Диалектика[оңдоо | булагын оңдоо]

бул этикалык түшүнүктөр аныкталып, өнүктүрүлүп, негизделген турган усул. Сократ үчүн философия — конкреттүү бир адеп-актык көрүнүштү карап чыгуу болуп саналат, бул процессте ошол көрүнүштүн эмне экендигин аныктоого, башкача айтканда анын маңызын аныктоого келебиз. Муну Платондун «Лахет» деген диалогундагы ой жүгүртүүлөрдүн мисалында көрсөтүүгө болот. Бул диалог «эрдик» деген түшүнүктү аныктоого арналган. Эрдик дегенибиз жакшылык сапаттын айрым бир көрүнүшү болгондуктан, адегенде жакшылык дегендин өзү эмне экендигин аныктап алып, андан соң «эрдик» түшүнүгүнө өтүү керек. Сократ адегенде эрдик жөнүндө мисал келтирүүнү жана ошолордун негизинде эрдик дегендин эмне экендигин, жакшы сапат катарында анын маңызын ачып билүүнү өтүнөт. Сократ эрдиктин бардык жеке көрүнүштөрүн өзүндө камтый турган эркиндикти аныктап берүүнү сунуш кылат. Субхаттын жүрүшүндө жана мисалдарды келтирүүнүн натыйжасында «туруктуулук» деген түшүнүк аркылуу эрдикти аныктоо маселенин маңызын эч кандай аныктай албай тургандыгы белгилүү болот. Эрдикти акылмандуулук аркылуу аныктоо да маселенин чечилишине эч нерсе бере албайт. Талаш-тартышта акылмандык дегенибиз коркунучту туюп-сезүү болуп чыгат, бирок турмуштун ар кыл тармагында коркунуч ар түрдүүчө аныктамаланат эмеспи. «Лахет» диалогунда маселе тийиштүү түрдө чечилбей кала берет.

Бардык диалектикалык ой жүгүртүүлөр тектеш түшүнүктөрдү аны түзүп турган түрлөргө бөлүү принциби боюнча жүргүзүлөт. Ошентип, диалектика дегенибиз — бир түшүнүккө ар түрдүү тараптан ар түрдүү аныктама берүүдө турат экен. Ошондо гана, Сократтын пикири боюнча, акыйкат келип чыгат. Философиялык ой жүгүртүүнүн бул усулу майевтика — аначылык искусствосу деп да аталат. Субхат формасындагы усулдун мындай схемасы төмөнкүдөй суроо коюу түрүндө көрүнөт: бул эмне, тигил эмне? (жакшылык, адилеттүүлүк же башка бир этикалык түшүнүк). Бул суроолорго берилген жооптор көп учурда биринин артынан экинчиси четке кагылып отурат. Ушундай диалектикалык талаш-тартыштарда жана ой жүгүртүүлөрдө Сократ биринчи жолу далилдөөнүн индуитивдик усулун колдоно баштайт. Диалогду акыйкатка жетүүнүн каражаты катарында пайдалануу философиянын тарыхында Сократтын сиңирген зор эмгеги болуп саналат, анткени андан мурдагы бардык философтор өз жоболорун гана постулат катарында карманышкан. Сократтын диалектикасында анын антидогматизми, плюрализми да көрүнгөн. Ал өзүн акылмандыктын окутуучусумун деп эсептеген эмес, ал адамдарда акыйкатка умтулууну пайда кылууга гана аракет жасаган. Сократтын: «Мен өзүмдүн эч нерсе билбесимди билемин» деген белгилүү санат сөзү бар. Сократтын диалектикасы Платондун сонундук түшүнүгүн аныктоого арналган «Гиппий Больший» деген диалогунда алда канча өнүктүрүлгөн. Өз усулун колдоно отуруп, Сократ сонундукту ар түрдүү аныктоолор, көп учурда эң эле ар кыл жана карама-каршы аныктоолор аркылуу каралып жаткан предметтин маңызын аныктап- билүүгө келет. Ошентип, Сократтын усулу субхатка катышкандардын ой жүгүртүүлөрүндөгү ар кыл карама-каршылыктарды табуу аркылуу алардын бардык маанилүү эместерин иргеп салып, каралып жаткан, баарынан мурда адеп-актык көрүнүштөрдүн чыныгы табиятын ачып көрсөтүүгө багытталган. Адам жакшылык деген эмне экенин билгенде гана адептүү адам боло алат. Билим — адеп-актыктын өбөлгөсү. Чыныгы адеп-актык дегенибиз — бул жыргалчылыкты таанып-билүү болуп саналат. А түгүл Сократ үчүн билим менен мораль бөлүнбөй турган нерселер. Жамандык менен жакшылыкты билген адамды билим буйрук бергенден башканы иштөөгө эч нерсе мажбурлай албайт, адамга жардам берүү үчүн акыл-эс да жетишерлик күчтүү». Түшүнүктөрдү аныктап алуу аркылуу — Сократтын пикири боюнча, «адамдар эң жогорку даражада адептүү, бийликке жөндөмдүү жана диалектикада чебер боло алышат». Ошентип, Сократтын этикасында рационалдык багыт ачык көрүнөт: жакшылык-бул билим, жамандык — бул билимсиздик. Сократ үчүн негизги жакшы сапаттар — токтоолук, эрдик, адилеттүүлүк.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Мамлекеттик тил энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8.