Сократка чейинкилер

Википедия дан
Анаксимен.

Сократка чейинкилер – байыркы грек философиясынын (б. з. ч. 7–4-к. башы) алгачкы мезгилдеги өкүлдөрүнүн шарттуу аталышы. Философиялык ой жүгүртүүнүн негизги предмети досократиктерге – космос – кадимки эле сезимге таасир берүүчү, коюлтуунун жана суюлтуунун натыйжасында бири-бирине өз ара өтүп кетүүчү стихия катары ойлонулган: жер, суу, аба, от жана эфир. Досократиктерге: Фалес, Анексимандр, Анаксимен, Гераклит, Диоген Аполлонийский, Ксенофан, Пифагор, Парменид жана Элейлик анын окуучулары, Эмпедокл, Анаксагор, Левкипи жана Демокрит киришет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8