Солтонбекова Кыбылан

Википедия дан

Солтонбекова Кыбылан (15. 5. 1946-ж. туулган, Суусамыр өрөөнү, 1-Май кыштагы) - Суусамырда байланыш тармагын жакшыртууда чоң салым кошкон эмгек ардагери.

  • Фрунзедеги политехникалык техникумдун почта байланыш бөлүмүн (1988; сырттан окуп) бүтүргөн.
  • 1969-ж. Суусамыр байланыш бөлүмчөсүндө оператор, 1971-жылдары Суусамыр байланыш бөлүмчөсүнүн башчысы болуп эмгектенген.
  • 1970-95-жылдары Суусамыр айылдык кеңештин депутаты болуп шайланган.
  • Айылдык аялдар кеңешинин төрайымы.
  • 2000-жылдан Суусамыр айылдык аксакалдар сотунун катчысы болуп эмгектенүүдө.
  • Кыргыз Республикасынын байланыш министрлигинин грамоталары менен сыйланган.
  • 1997-жылдан ардактуу эс алууда.
  • Шааболот уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9