Сонунбала Закирова

Википедия дан
Закирова Сонунбала
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Закирова Сонунбала
Туулган жылы: 1937-жылы 11-январь
Туулган жери: Григорьевка айылы, Ысык-Көл району, Ысык-Көл облусу, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: жазуучу
Учурдагы кызматы: Тактала элек


Жазуучу Сонунбала Закирова Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында 1937-жылы 11-январда туулган.

1951-жылы Корумду айылындагы жети жылдык мектепти, 1954-жылы В.В.Маяковский атындагы

Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер институттун кыздар мектебин, 1958-жылы ушул эле институттун

орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр орто мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

1959–1973-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы,

1973–1992-жж. мугалимдердин илимий-педагогикалык «Эл Агартуу» журналында жооптуу катчы болуп иштеп,

1992-жылы Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсияга чыккан.

Чыгармачылык жолу студенттик жылдарында Н.Носовдун «Бобик Барбостукунда конокто»,

«Болгар эл жомоктору» деген китептерди орус тилинен кыргыз тилине которуу менен баштаган.

Кийинчерээк өзү очерктерди, аңгемелерди жазган.

1978-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун «Ардак грамотасы» менен сыйланган.

1982-жылы «Эл агартуунун отличниги» болгон.

1987-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген наам ыйгарылган.

1992-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Жолдош: Аңгемелер, ой толгоолор, очерктер. – Ф.: Мектеп, 1976. – 94 б.
  • Публицисттин үнү: Адабий очерк. – Ф.: Мектеп, 1980. – 120 б.
  • Таалай: Баян, аңгемелер, – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 168 б.
  • Такү жакшы бала: Аңгеме. – Ф.: Мектеп, 1986. – 16 б.
  • Ким киши?: Публицистикалык ой толгоолор, очерктер. – Ф.: Мектеп, 1988. – 120 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент)/Түзүүчүлөр: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. Т.2 – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6