Соода-экономика иши

Википедия дан

Соода-экономика иши. Ачык рынок экономикасын түзүүнүн жана аны дүйнөлүк чарба мамилелерине интеграциялоонун маанилүү фактору катары республиканын тышкы соода ишин өнүктүрүү, рыноктук жана административдик жөнгө салуу методдорунун жагымдуу катыштарын аныктоо мамлекеттин алдында турган башкы милдеттер болуп эсептелет.

Республиканын дүйнөлүк соода шериктештигине киришине жараша тышкы соода ишинин мазмунунун өзү да өзгөрүлдү. Ал экономикалык өнүгүүнүн ички жана тышкы факторлорунун ортосундагы байланыштыруучу звено болуп чыгуу менен өз алдынча жаңы мааниге ээ болду. Тышкы соода иши өлкөнүн эл чарба комплексинин бир бөлүгү болуп эсептелет жана анда өзгөчө орун ээлейт. Анын өнүгүшү ата мекендик экономиканын абалын гана эмес, о. э. эл аралык соода мамилелеринде калыптанган тенденциялар менен шарттарды да чагылдырат, о. э. республиканын чарба системасын кайра түзүүнүн катализаторунун ролун ойнойт. Улуттук экономикада тышкы экономикалык фактордун ролу олуттуу өстү.

Кыргызстанда турмушка ашырылып жаткан тышкы соода режимин кеңири либералдаштыруу ички рынокту чет өлкөлүк товарлар жана капиталдар үчүн ачууга мүмкүндүк берди. Дүйнөлүк рыноктордун коньюнктурасы жана талаптары өндүрүштүн баасын жана пропорциясын аныктоочу маанилүү фактор болуп калды. Кеңири тарыхый планда дүйнөлүк рынокко карата ачыктыкка багыт алуу объективдүү түрдө зарыл жана мыйзамченемдүү болуп эсептелет, дүйнөлүк практика ырастагандай, ансыз соода-экономика мамилелерин цивилизациялуу түзүү, натыйжалуу жана атаандаштыкка жарактуу өндүрүштү уюштуруу мүмкүн эмес.

Ошону менен бирге, тышкы соода бай-ланыштарынын ыңгайлуу, ошол эле мезгилде реалдуу моделин тандап алуу көп пландуу татаал проблема болуп эсептелет, ал өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн болсун, республиканын эмгекти эл аралык бөлүштүрүү системасына натыйжалуу адистешүүсү үчүн болсун, артыкчылыктарды аныктоочу ойлонуштурулган соода-экономикалык, о. э. структуралык-инвестициялык саясатка таянууга тийиш.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9