Соодонбеков, Саты

Википедия дан

Соодонбеков Саты (20.9. 1933, Тянь-Шань району, Оттук айылы— 1990, Бишкек ш.) — генерал, генералдыкка чейин жеткен темир жолчу инженер.
1955-ж. Ташкен шаарындагы темир жол институтун бүткөн.
Эмгек жолун Балыкчы темир жол бекетинен бекет боюнча дежур болуп баштаган. 1956—57-ж. ошол эле бекетте начальниктин орун басары, Пишпек бекетинин начальнигинин жардамчысы.
1957-ж. Токмок, анан Фрунзе бекеттеринин начальниги.
1959-ж. Казак темир жолунун Фрунзедеги 10-бөлүмүнүн кыймыл, жүк ташуу жана жүргүнчүлөр бөлүмүндө начальниктин орун басары. 1960-жылдан бөлүмдүн поезддер кыймылынын коопсуздук ревизору.
1962-жылдан кыймыл, жүк ташуу жана жүргүнчүлөр бөлүмүндө начальник, ошол эле убакта Фрунзе темир жол бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, 1978—90-ж. 1-орун басар, Алматы темир жолунун Фрунзедеги 10-бөлүмүнүн начальниги — Алматы темир жолунун начальнигинин орун басары болуп иштеген.
2 Эмгек Кызыл Туу, "Ардак Белгиси" ордендери жана медалдар менен сыйланган. "Ардактуу темир жолчу" наамынын ээси.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.