Сопкелди

Википедия дан
Megacarpaea gigantea

Сопкелди (лат. Megacarpaea) – кайчылаш гүлдөр тукумундагы өсүмдүк уруусу. Көп жылдык чөп. бийикт. 25-200 смге жеткен сабагы бутактуу же жалгыздан, эки, үч ирет манжадай, канаттай тилкелүү, уз. 20-40 см, туурасы 10-20 смге жетет, формасы жүрөкчөдөй, көпчүлүк жалбырагы тамыр моюнчасына топтолгон. Гүлү ак түстө, майда шыпыргыдай топ гүлгө чогулган. Мөмөсү – саадакча, тегерек, диам. 25-30 ммге жетет. Адырдан бөксө тоодогу майда шагылдуу, таштактуу, аскалуу жерде, сай бойлоп, ошондой эле субальпынын түркүн чөптүү шалбаасында өсөт. С-нин жер жүзүндө 7 түрү, Борбордук Азияда, Монголияда, Гималайда, Кыргызстандын түштүк райондогу тоолордо 3 түрү, кездешет. Айрым түрүнүн жоон тамырында көп азык заттар, крахмал бар болгондуктан кээ бир өлкөнүн калкы тамак-аш катары пайдаланышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]