Сопу-Коргон

Википедия дан

Сопу-Коргон - географиялык аталыш. "Сопу" (суфий) жана "коргон" (чыңдалган жай) деген сөздөрдөн турат.

  • Сопу-Коргон чеби Түштүк Кыргызстандын Алай өрөөнүндө Кокон хандыгы тарабынан 19-кылымда курулган. Айрым маалыматтарга караганда, Мадалы хан (Мухаммад Али хан) 1827-жылы ушул чепти курууга байрук берген. Коргонду (чепти) куруу иши анжыяндык Иса датканын көзөмөлү астында жүзөгө ашырылган.
  • Сопу-Коргон айылы Кыргызстандын азыркы Ош облусунун Алай районуна караштуу айыл. Кыргызстандын мурдагы Коргоо министри, Кыргызстан Элдик Кыймылынын мүчөсү, генерал Исмаил Исаковдун ата-теги ушул айылдан болот жана дагы Ахматбек Келдибековдун (ЖКнын депутаты)да туулуп өскөн жер. Сопу-Коргон атынын келип чыгышы(легенда,элдик айтууларга караганда)- Илгери-илгери аталган айыл ээн талаа болгон экен. Ошол талаада бир карапайым адам жашап, ал жерге бак-дарактарды отургузуп, эгин айдап, айылды өз карамагына алат. Бул карапайым адамдын аты Сопу болот. Кийинчерээк аны жергиликтүү калк аны Сопу Кароолбек деп атап коюшат, себеби ал ошол айылды кооруп, кароол, тактап айтканда күзөтчү болгондуктан ошентип атап коюшат. Сопу Кароолбек боорукер, эмгекчил, адилетүү, ыймандуу, меймандос адам болгон. Кийинчерээк Сопу Кароолбек айылды таш дубал менен тосуп, коргон сыяктуу кылат. Сопу-Коргон негизинен Кытай тарапта болгондуктан Улуу Жибек жолу дал ушул айылдан өткөн. Кербендер өтүп бара жатышып сөзсүз түрдө Сопу Кароолбектин үйүнө кирип ал-акыбалын, ден-соолугун сурап, кымызын ичип кетчү экен. Мына ушул себептер менен айылдын аты Сопу Кароолбек аттуу адамдан Сопу-Коргон деген атты алып жүрөт.