Социалдык система

Википедия дан

Социалдык система – өзүнүн табияты боюнча социалдык өзгөчөлүктөргө ээ, өз ара ар түрдүү байланыш жана карым-катнаштар аркылуу бириккен, айрым адамдарды жана социалдык топторду өз ичине камтыган татаал түзүлүштөгү, ирээттүү биримдик; узак убакыттар бою биримдикте, жакын жашашкан адамдардын тобу; так аныкталган социалдык түзүлүшкө ээ уюм; этностук же улуттук жалпылык, мамлекет же өз ара карым-катыштагы мамлекеттердин тобу, ж. б. айрым коомдук түзүлүштөр. Мисалы: коомдук, илимий, саясий, экономикалык же укуктук системалар ж. б.

Ар бир Социалдык система ага кирген жеке адамдардын жана топтордун иш-аракетин аныктайт, белгилүү бир кырдаалда айланасындагыларга бирдиктүү, бир бүтүн нерсе катары мамиле жасайт. Материалисттик көз караштан алып караганда, Социалдык системалардын жаралып, өнүгүшү, алмашылышы табигый-тарыхый процесс. Тарыхтын өнүгүү жолунда, айрым өлкөлөрдүн ортосундагы соода, экономикалык, саясий, маданият байланыштардын күчөшү аркылуу адамдардын өз ара социалдык мамилеси байыйт жана дүйнөлүк Социалдык системада узакка созулган, карама-каршылыктуу, татаал процесс жүрөт.

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8