Соң-Көл эстеликтери
Сон-Көл эстеликтери – Соң-Көлдүн айланасындагы ар кыл доорго таандык дөбө-мүрзөлөр. Б.з.ч. 1-миң жылдыкка тиешелүү дөбө-мүрзөлөр; түрк доорунан калган балбалдар жана түрк жаныбарлардын ташка чегилген сүрөттөрү, кездешет, анын ичинде Манастын ысмы менен байланышкан элге кеңири белгилүү Таштулга, Тулпарташ, Аккуланын акыры аталган таш да бар. Соң-Көл этеликтериндеги 1–5-кылымга таандык дөбө-мүрзөлөрдү (айрымдары казанактуу), түрк балбалдарын 1955-жылы А. К. Кибиров жана 1961–62-жылы Я. А. Шер изилдеген. Мүрзөлөрдөгү өлүктөрдүн жанынан жыгач табак, темир бычак, канжар, жаа, темир жебелер жана койдун сөөктөрү табылган. 1995-жылы Кыргыз тарыхчылар жамааты менен Түрк тарых куруму археологиялык изилдөө иштерин Балабейит, Чоңдөбө, Чалчыкбулак жерлеринде жүргүзүшкөн.
Адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.