Таштулга

Википедия дан

Таштулга, Манастын тулгасы – Соң-Көлдүн түштүк-чыгыш жээгиндеги Кумбел жана Тепши сайларынын аралыгындагы б.з.ч. 8–9-кылымдарга таандык тарыхый-археологиялык комплекс. 9 тегерек коргончодон турат. Алар түштүктөн түндүктү карай созулуп, диаметри 3,35–3,66 м. Ар бир тегерек 8 жылма гранит көлөмдүү кой таштан турат. Кой таштардын чоңдугу 91,3–152 см. Тегеректерден алыс эмес жерлерде бир топ чакан дөбө-бейиттер (көрүстөн) жана 2 таш мамы бар. Бул археологиялык эстеликтерди жергиликтүү эл Манас атын байлаган таш мамы (Аккуланын мамысы, бийиктиги 152,4 см) деп коет. Мындай 8 таштан турган көлөмдүү эстеликтер Алтай–Теңир-Тоо аймактарынан гана кездешет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.