Мазмунга өтүү

Спиннер

Википедия — ачык энциклопедия
Спиннер
Spinner
Негизги маалыматтар
Башка аталыштары

фижет спиннер, айланма, кол үчүн айланма /
англ. fidget spinner, hand spinner

Түрү

Антистресстик оюнчук

Ойлоп чыгарган

Кэтрин Хеттингер

Чыгарылган жылы

1990-жыл

Өлкөсү

 АКШ

Активдүүлүгү

2017 — 2024

Формасы

ар түрдүү

Спиннер Викиказынада
Спиннердин айлануусу
Күйүүчү спиннер

Спиннер (англ. Spinner) — Көңүл ачуучу жана антистресстик машыгуучу, эки же андан ашык канатчадан турган, колго ылайыкталган оюнчук[1][2]. Аны иштетүү үчүн ортосундагы тегеректи эки манжа менен басып, канатчаларды күүгө салса, 1,5-2 мүнөт аралыгында тынымсыз айланат. Спиннерди иштеп чыккандар ал адамдагы кыжырданууну азайтып, ойду топтогонго жана стресстен арылууга жардам берерин айтышат. Бирок психологдор "балдардын спиннерге болгон берилүүсү жашоодогу башка маанилүү нерселерди 2-орунга жылдырып коюусуна түрткү болушу мүмкүн" дешет. Аталган оюнчук мындан 27 жыл мурда ойлоп табылса да, өз убагында кызыкчылык жарата алган эмес. "Forbes" журналында спиннер тууралуу "2017-жылы керек болчу кеңсе оюнчугу" деген макала жарык көргөн[3]. Андан көп өтпөй март айында YouTube’дун колдонуучусу тарабынан спиннер менен кантип ойноо керектиги жөнүндө видео тарап кеткен[4][5]. Спиннер 8 жаштан өткөн балдарга арналган.

  1. Meet the Fidget Spinner, the New Toy Craze Entrancing Kids and Grownups Alike, Money (April 21, 2017). Архивировано из первоисточника 22 Апрель 2017. Текшерилген күнү 5 -август (баш оона) 2025.
  2. DominicVerstegen Your kid probably has a fidget spinner already, but let me tell you about it anyway. USA Today (21 Апрель 2017).
  3. Plafke, James. Fidget Spinners Are The Must-Have Office Toy For 2017, Forbes (23 -декабрь (бештин айы) 2016).
  4. AlexWilliams How Fidget Spinners Became a Hula-Hoop for Generation Z. The New York Times (6 -май (бугу) 2017).
  5. World Fidget Spinner Community (17 -июнь (кулжа) 2017). Текшерилген күнү 5 -август (баш оона) 2025. Түп булактан архивделген күнү 6 -июнь (кулжа) 2017.