Строфа

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Строфа – (гр. – айлана), к у п л е т, ы р т ү р м ө г ү – эки же андан ашык ыр саптарынын уйкаштыкка же интонацияга жана мааниге негизделген биримдиги.

Строфанын маанисин К. Рысалиев төмөнкүдөй белгилеп берет: «Строфа, биринчиден, ыр жолдорунун белгилүү бир маани берүүчү топторго биригишин жана ал топтордун белгилүү бир интонациялык ыкмада окулушун талап кылат. Экинчиден, строфа ыр жолдорун өз ичине белгилүү уйкаштык системасында жайгаштырып, белгилүү тартипте кезектешип, кайталанып, ритмдин, так, даана кабыл алынышына шарт түзөт. Демек, строфа дегенибиз ыр жолдорунун белгилүү уйкаштык ыкмасында бири-бирине тыгыз айкалышып, чырмалышып, интонациялык жана ритмдик жактан бир бүтүндүктү билдирүүчү көрүнүш”.

Ыр саптарынын санына карай строфалар ар кыл болот:

  • а) эки саптан турса – д и с т и х (Чыгыш поэзиясында – м а с н а в и й);
  • б) үч саптан турса – т е р ц е т (Чыгыш поэзиясында – м у с с а л а с);
  • в) төрт жана беш саптан турса –к а т р е н (Чыгыш поэзиясында – м у р а б б а ж а м у х а м м а с);
  • г) алты саптан турса – с е к т и н а (Чыгыш поэзиясында – м у с а д д а с);
  • д) сегиз саптан турса – о к т а в а (Чыгыш поэзиясында – м у с а м м а н);
  • ж) тогуз саптан турса – н о н а (Чыгыш поэзиясында учурабайт);
  • з) он саптан турса – д е ц и н а (Чыгыш поэзиясында – м у а ш ш а р);
  • и) он төрт саптан турса – о н е г и н д и к с а п деп аталат.

Мындай строфалардын бир тобу кыргыз ырларында колдонулуп жүрөт. Мисалы,

  • 1. Эки саптуу строфа:
  Ай айга өтүп, ай башы толуп,
  Мырза уул иши билинбес болуп. 
  (А. Осмонов)
  Бирөөлөр мансап үчүн элин сатат, 
  Бирөөлөр атак алат арам жашап. 
  (О. Султанов) 
  • 2. Үч саптуу строфа:
  Мен өзүмдү дегеле жок актагым, 
  Кудай акы, кечирип кой, окурман, 
  Мындан ийги башка ыргак таппадым. 
  (С. Урмамбетов) 
  • 3. Төрт саптуу строфа:
  Биздин жүрөк – өмүрлүк жаш картайбас,
  Эч ким бизди тамашадан айырбас. 
  Сонун келген, заманына жарашкан, 
  Биздин өмүр – жаркыраган сулуу жаз! 
  (М. Элебаев)

  • 4. Беш саптуу строфа:
  Топ каздан бир каз бөлүнүп,
  Келатса, сүрдүү көрүнүп,
  Топчубай үнсүз алактап,
  Токочун колдон түшүрдү,
  Томпоңдоп үйгө жүгүрдү. 
   (А. Кыдыров)
  • 5. Алты саптуу строфа:
  Бир кезде арты тайгак, алдыбыз өр,
  Карасак калган алыс сансыз көп жер.
  Тынымсыз турмуш өзү миң кубулуп,
  Адамзат таң каларлык кайран күндөр,
  Ал күндөр курусунчу кеп кылбайын.
  Ал күндөр эми бизге майрам күндөр. 
  (М. Элебаев)
  • 6. Жети саптуу строфа:
  Дүнүйөң түптүгөл өңдөнүп,
  Ырысың мелтилдеп турганда
  Сыздатып кетсе бир ирмем
  Эртеңки күнгө ишенгин,
  Өксүгөн жалгыз сен бекен?
  Өмүрдө болот бардыгы – 
  Ыр менен күлкү теңме-тең. 
 (М. Жуманова)
  • 7. Сегиз саптуу строфа:
  Иш кыйын бизди сурасаң,
  Уйку, чарчоону унуткам.
  Кайра киргем согушка, 
  Сакайып соңку бир жарам, 
  Бар кайратты салуучу, 
  Зор милдет арткан заманам. 
  Касташкан жоону бүтүрбөй, 
  Кай бетим менен мен барам? 
   (М. Элебаев)
  • 8. Он саптуу строфа:
  Жылкычы чымчык келиптир, 
  Жылгадан жылкы көрүптүр. 
  Канаты, буту талыптыр, 
  Карасак минип алыптыр. 
  Чымчыкка чымын конуптур, 
  Чымчыктын бели ооруптур. 
  Чымынга чиркей миниптир,
  Чымындын белин ийиптир,
  Жылкынын мынча салмактан
  Курсагы жерге тийиптир. 
  (Ж. Мамытов)

"Манас" эпосундагы строфа[оңдоо | булагын оңдоо]

«Манас» эпосунун строфалык түзүлүшү да кыргыз ырларынын строфалык өзгөчөлүгүнө дал келгени менен эпостун оозеки жашашына, айтуучунун эпосту аткаруу мезгилиндеги психологиялык абалына, окуяларды көркөм баяндоо өзгөчөлүгүнө, чыгарманын обондуулугуна ылайык татаал строфалык түзүлүштөр келип чыккан. Эпостун строфаларын кээде эрежеге баш ийдириш да кыйын, алардын түзүлүшүндө эпостун өзгөчөлүктөрү менен шартталган стихиялуулук да бар. Дүйнөлүк адабиятта строфа негизинен эки саптан он алты сапка чейинки ыр жолдорунан куралса, «Манаста» алтымыш саптан ашкан строфалар да бар.
Тексттин синтаксистик түзүлүшүндө сүйлөмдөр кандай кызмат аткарса, тексттин ритмикалык түзүлүшүндө строфа ошондой эле роль ойнойт. Cтрофа синтаксистик жактан ыр жолдорунун белгилүү бир бүтүмүн түзөт да, ал көтөрүңкү интонация менен башталып, строфанын соңуна жеткенде акырында үндүн илеби, деми, интонациясы бастайт. Ошондуктан, «Манастын » строфалык түзүлүшүн аныктоо китептен эмес «Манас» аткарылып жаткан учурда ишке ашырылса тагыраак болот. Себеби, строфалык курулушу биринчи кезекте айтуучунун темпине байланыштуу. «Манастын » строфалык түзүлүшү жөнүндө алгачкылардан болуп пикир айткан П. Фалев эпостун текстинин үзүндүсүнүн строфалык түзүлүшүн талдап андагы строфалардын өз алдынча өзгөчөлүгүн белгилеп, айрым строфикалык формалардын түрк элдеринин поэтикасында кездешпей турганын белгилеген.
Дүйнөлүк поэтикалык чыгармаларда строфалык туруктуу түзүлүштөгү өзгөрүлбөс формадагы ырлар бар. Он төрт ыр жолунан туруп,
а — б — а — б — в — в — г — г — д — е—е — д— ж — ж — схемасында уйкашып, куплет түзүлүүчү онегиндик же чыгыштын классикалык поэзиясындагы
а — а — а — б, б —б — б —в, в — в — в — а, г — г — г — а сыяктуу схемада уйкашкан төрт саптан турган мурабба формасы «Манас» эпосунун строфалык түзүлүшү анын оозеки айтылышына, көп варианттуулугуна, төкмөчүлүк өнөргө негизделишине, өзүнчө обондуулугуна, айтуучунун куюлуштуруу. созуу, ой жүгүртүү өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу өтө ар түрдүү жана дайыма туруктуу эмес. Эпостун айрым строфалык түзүлүштөрү:
1. Эки жолдуу строфа (а — а)

Эми аны таштап салыңар,
Жакыптан кабар алыңар
Бата берип тарады,
Барар жолун карады.

Кош (же жуп) уйкаштан турган эки жолдуу С-ны көбүнчө бир окуядан экинчисине өтөрдө же бир баян тамам болгондо колдонулат.
2. Үч жолдуу cтрофа

Чокон дөө келди күркүрөп,
Оозунан түтүн буркурап,
Маңгулдун баары чуркурап (Сагымбай Орозбаков, 1. 79).

Эпостогу үч жолдуу С. а — а — а, а — б —а, а — а — б тибинде уйкашат да, текстте өтө сейрек учурайт.
3. Төрт жолдуу строфа

Айтпадымбы сага деп,
Эркек тууду катының,
Не бересиң мага деп
Акбалта айтып салганы (Сагымбай Орозбаков, 1. 67).

Дүйнөлүк адабиятта өтө көп учураган мындай төрт жолдуу С-лар «Манаста» сейрек кезигет да көбүнчө а — а — б — а, а — б — а — б, а — а — а — а, а — б — а — а, а — а — б — б формаларында уйкашат.
4. Беш жолдуу строфа

— Барсыңбы, Ошпур бай деди.
Жатырсыңбы жай деди.
Ошпур бай күттүң далайды,
Алып келдим мен сизге
Козу багар малайды (Сагымбай Орозбаков, 1. 92).

Бул cтрофада биринчи, экинчи жана үчүнчү, бешинчи саптар уйкашып, төртүнчү сап уйкашпай калууда.
5. Алты жолдуу строфа

Коон деп барып кокустан,
Башты чечип алыптыр.
Көтөрө албай далк этип,
Жерге түшүп калыптыр.
Жерге түшүп далк этти,
Эрди-башы шалп этти (Сагымбай Орозбаков, 4. 247).

6. Жети жолдуу cтрофа

Ошо кезде Манас кан
Өзүң көргон Айбанбоз
Тартып оозун бурду эми,
Уңгусу болот оозу курч,
Мубакүлдүү сырнайза
Тобокел, калча качпа деп
Күркүрөтө сунду эми (Саякбай Каралаев, 2. 144 —145).

7. Сегиз жолдуу строфа

Колундагы сырнайза
Козголбой карап Алакең,
Саралага камчы уруп,
Жебеден мурун жетти эми
Кендир курдун чети деп,
Оң далынын бети деп,
Кыска кармап найзаны,
Алакең муштап келип өттү эми (Саякбай Каралаев, 1. 196)

жана башкалар «Манастын » ыр түзүлүшүндө эки саптан тартып алтымыштан ашык саптан турган строфа да бар. Эпостон дээрлик ар бир строфалык түзүлүшкө, уйкаштын строфа түзгөн ар кандай формаларын табууга болот. «Манас» эпосунун дагы уникалдуу жагы ушунда.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004