Суарес, Луис Альберто

Википедия дан
Луис Суарес(алдыңкы планда) Даниель Алвес менен, 2015-жылы өткөн ФИФАнын клубдариарасындагы дүйнө чемпионатынын финалында

Луис Альберто Суарес Диас (исп.Luis Alberto Suárez Díaz; 24-январь, 1987-жылы Уругвайда төрөлгөн) - профессионалдуу уругвайлык футболчу, Уругвай курама командасынын жана испандык "Барселона" клубунун чабуулчусу. Дүйнөнүн мыкты чабуулчуларынын бири деп эсептелинет. Уругвайдын борбору болгон Монтевидео шаарынын "Насьонал" клубунун тарбиялануучусу жана ал клуб менен 2006-жылы Уругвайдын чемпиону аталып, 19 жашында Голландиянын Эредивизиясындагы (Голландия улуттук лигасы) "Гронинген" клубуна ойной баштайт. 2007-жылы айтылуу амстердаммдык "Аякс" футбол клубуна кирип, 2008/09 сезонунда команда мыктысы болгон. Кийинки сезондо команда капитаны болуп, 33 беттеш ичинде 35 гол киргизип, Голландияда жылдын мыкты оюнчусу болукга жетишкен. "Аякс" үчүн 49 гол киргизүү менен эле бирге Нидерландия чемпиону болгон. 2010/11 сезонунда команда үчүн жүзүнчү голун киргизип, бул көрсөткүчү менен белгилүү Марко ван Бастен, Йохан Кройф жана Деннис Бергкамптар менен теңелет. 2011-жылдын январь айында англиялык "Ливерпуль" клубунун курамына € 26,5 млн (£22,8 млн) суммага келген. Команданы чемпионатта 12-орундан 6-орунга жеткирген. 2012-жылы "Ливерпуль" менен жалгыз сыйлык - Футбол Лигасынын Кубогун утат. "Алтын бутса" сыйлыгынын ээси, 2014-жылы 31 голу менен алган. 2014-жылдын июль айында испандык "Барселона" футбол клубуна € 81 млн суммага келээри жарыяланган. Суарестин трансфери клубдун тарыхында эң кымбат жана дүйнө жүзүндө үчүнчү орунда болгон. "Барселонанын" курамында ойногон биринчи эле сезонунда Испания Чемпионатын, Испания Кубогун жана УЕФАнын Чемпиондор Лигасын утуп, "алтын хэт-трик" жасаган. Луис Суарес Уругвайдын жаштар футбол курамасында ДЧ (20жашка чейин) 2007-жылы чакырылган. Ал эми ушул эле жылдын 8-февралында негизги курамда Колумбияга карша беттеште дебют жасап, тушоосу кесилген(3:1). 2010-жылы өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпионатында улуттук курам үчүн чоң салым кошкон. 3 гол киргизип, турнирде 4-орунду ээлешкен. Гана менен 1/4 финалда болгон оюнда дарбазага учуп бараткан топту колу менен тосуп, сактап калган. Бул үчүн оюндан чыгарылган жана көптөгөн жагымсыз айыптоолорду уккан. Себеби ошол оюнда ганалыктар көп аракет кылган голу кирген эмес. 2011-жылы "Америка Кубогун" жеңип алган. Луис турнирде 4 гол киргизип, мыкты аталса, Уругвай 15-жолу кубокту жеңип, рекорд койгон. 2013-жылдын 23-июнь күнү Таити менен болгон беттеште дубль жасап ( 2гол), Уругвайдын мыкты чабуулчусу болот.