Субтропик мөмө өсүмдүктөрү

Википедия дан

Субтропик мөмө өсүмдүктөрү - субтропик алкактарында өсүүчү көп жылдык, дайыма жашыл, кээде күбүлмө жалбырактуу дарактар же бадалдар.

  • Субтропик мөмө өсүмдүктөрүнө апельсин, мандарин, лимон ж. б. цитрус өсүмдүктөрү, авокадо, анжир, анар, курма, мушмула, курма пальмасы, бидам, пекан, мисте, чай, бал камыш ж. б. кирет.
  • Кыргызстанда анар, мисте, курма, инжир кездешет.
  • Субтропик мөмө өсүмдүктөрү суукка чыдамсыздыгы, вегетация мезгилинин узактыгы менен айырмаланат. Лимон суукка байымсыз, -7, -8°Сде үшүшү мүмкүн.
  • Күбүлмө жалбырактуулары (анжир, анар, курма) суукка туруктуу.
  • Бул өсүмдүктөр даамдуулугунан, жагымдуулугунан, дарылык касиетинин жогорулугунан эл чарбасында кенири колдонулат.
  • Курамында кант, органикалык бирикмелер, минерал туздар жана витаминдер бар; жаны кезинде тамак-ашка колдонулат. Жыгачы курулушта, айрымдарынын жалбырагы медицинада, парфюмерияда пайдаланылат. Бамбук жыгачы мебель жана спорт куралын жасоого керектелет.
  • Тунго дарагынын мөмөсүнөн баалуу тез кургоочу лак, сыр, тех. май алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.