Сулайман-Тоо (тасма)

Википедия дан
Сулайман-Тоо
Сулайман-Тоо тасмасынын постери.jpg
Жанры

Мелодрама

Режиссёру

Елизавета Стишова[1]

Продюсери

Елена Яцура
Садык Шер-Нияз

Сценарийдин
автору

Алиса Хмельницкая[2]

Башкы ролдордо

Асет Иманалиев
Перизат Эрманбетова
Даниел Дайырбеков
Тургунай Эркинбекова

Оператору

Тудор Владимир Пандуру

Кинокомпания

Дип коммьюникейшн
Айтыш фильм

Узактыгы

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Өлкө

Flag of Kyrgyzstan.svg Кыргызстан
Flag of Russia.svg Орусия
Flag of Poland.svg Польша

Тили

Кыргызча, Орусча,

Жылы

2017

IMDb

ID 7336410

«Сулайман-Тоо» (орус. Сулейман гора, англ. Suleiman Mountain) — Орусиялык "Дип коммьюникейшн" компаниясы жана "Айтыш фильм" киностудиясы менен биргеликте тартылган толук метраждуу тасма. Тасманын режиссёру - Елизавета Стишова, продюсерлери - Елена Яцура жана Садык Шер-Нияз.

Мазмуну[оңдоо | булагын оңдоо]

"Сулайман-Тоо" тасмасында заманбап жашоодогу окуялар баяндалат. Тасмада эки аялы болот, уурулук менен жан баккан 45 жаштагы Карабастын жашоосу чагылдырылат. Расмий никеде турган Жыпара аттуу аялы экөөнүн ортосунда уулу бар болот. Бирок Карабас түрмөдө отурган убакта уулу балдар ооруканасынан дайынсыз жоголуп кетет. Карабас аялына боору ооруп, аны менен жашап жүрөт, бирок бул аёо сезими анын Турганбүбү деген жаш сулууну сүйүп калуусуна тоскоол болбойт. Турганбүбүнүн Карабастан кош бойлуу экенин билген Жыпара күйөөсүн кетирбей алып калуу үчүн айласыздан балдар үйүнөн бала багып алат[3]

Каармандарда[оңдоо | булагын оңдоо]

Актёр Роль
Асет Иманалиев Карабас Карабас
Перизат Эрманбетова Жыпара Карабастын аялы Жыпара
Даниел Дайырбеков Улук Улук
Тургунай Эркинбекова Турганбү Карабастын жаш жубайы Турганбү
Назира Мамбетова Элдик табып

Тартуу иштери[оңдоо | булагын оңдоо]

Тасманы тартуу иштери толугу менен сентябрь, октябрь айларында Кыргыз Республикасынын Ош шаарында тартылып бүткөн.

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Мировая премьера фильма «Сулайман-Тоо» состоится в Торонто на кинофестивале
  2. Кино-Театр.РУ  (орус.)
  3. Кыргызско-российский фильм «Сулайман-Тоо» покажут на кинофестивале в Торонто  (орус.)